Перейти к содержанию

2022-жылдын январындагы Түркиядагы нааразылыктардын хроникасы

Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ мамлекеттери декабрь-январь айларында «кайнап» турду. Акыркы 2 ай түрк жана иран-түрк калкы жашаган аймактын кеминде 7 өлкөсүндө (белгилей кетсек, Түркия менен Иранды кошпогондо) нааразылык активдүүлүгүнүн деңгээли боюнча аныгында болуп көрбөгөндөй болду.
Ошентсе да, чек араны кеңейтүү жана нааразычылык сүрөтүн толугураак карап чыгуу керек. Биринчи кезекте, нааразычылыктын таралышынын аймактык масштабын түшүнүү үчүн.


Январь айында Түркияда 19 нааразылык акциясы жана/же иш таштоо катталган. Алардын көпчүлүгүү тынч нааразылыктар болгон. Алар 10 калктуу пунктту каптады, анын ичинен 3 өөсү – өлкөнүн эң ири шаарлары. Эң көп нааразы болгон Стамбул болду: 19 акциянын 10у ушул жерде өттү.
Жалпысынан, географиялык жактан алганда, нааразылыктардын көбү Түркиянын батыш жана түштүк-батыш аймактарында, деңиз жээгиндеги же коңшу шаарларда болду.
Нааразылыкка катышкандардын саны көбүнчө 100 кишиден ашкан эмес. Жаныбарларга ырайымсыздыкка каршы күрөшкөн активисттердин чыгышы гана өзгөчөлүк болуп саналат: бул жерде нааразылардын саны 2000 чамасында болду.
Нааразычылыктын негизги «агымы» айдын экинчи жарымында болду. Ал эми 21. 01. 22ден тарта өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына нааразы болгондордун саны кескин өстү: 11 нааразылык акциясынын 9у так ушул темага арналды. Эл айлык акыны көтөрүүнү талап кыла башташты (5) жана электр энергиясынын кымбатташына (4) активдүү нааразылык билдире башташты.

2022-ЖЫЛДЫН ЯНВАР АЙЫНДАГЫ НААРАЗЫЛЫК ИШМЕРДИНИН КЫСКАЧА МААЛЫМАТЫ

1) 09. 01. 22

Жайгашкан жери: Кадыкей (Стамбул)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: транспаранттар менен митинг. «Көчө жаныбарлары кароосуз калтырылбайт» деген жазуулар жазылган.
  • Катышуучулардын саны: 2000 чамасында.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жаныбарларга ырайымсыздыкка каршы активисттер жана жөнөкөй сүйүүчүлөр
  • Себеп: Р. Эрдогандын шаар көчөлөрүндөгү жолбун иттерди «алып салуу» чечими.
  • Нааразылыкка чыккандарга укук коргоо органдары кийлигишкен жок.
  • Аяктоо —акциянын катышуучулары тарап кетишти. 

2) 11. 01. 22

Жайгашкан жери: Элазыг, Фырат университетинин маңдайында.

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: Фырат университетинин имаратынын алдындагы митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50 чамасындагы студенттер.
  • Катышуучулардын негизги курамы: медицина факультетинин студенттери.
  • Себеби: коомчулуктун жаштарга болгон кысымына каршы нааразылык катары.
  • Себеби: университеттин студенти Энес Каранын жатаканадагы жана ата-энесинин кысымынан улам өз жанын кыйгандыгы.
  • Аяктоо: Энес Каранын өлүмүнүн себептери жана андан кийинки жаштардын талаптары тууралуу пресс-релизди окуу. Полиция кызматкерлери катышкан жок. Студенттер тарап кетишти. 

3) 13. 01. 22

Жайгашкан жери: Мерсин (Енишехир)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: Түркиянын 2021-жылы Стамбул конвенциясынан чыгышынын фонунда транспаранттар енен митинг. Ураандарда мындай деп жазылган:
    — Биз көтөрүлдүк!
    — Аялдарды массалык түрдө өлтүрүү жетишет!
    — Эркектер атышат, мамлекет коргойт.
    — Өлтүрүлгөн аялдар – биздин көтөрүлүшүбүз.
  • Шылтоо: Мерсинде (Разия Оскай) жана Стамбулда (адвокат Дилара Йылдыз) кыздардын өлтүрүлүшү.
  • Катышуучулардын саны: 30-45 жаштагы 19 аял.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мерсин шаарынын «Аялдар платформасынын» активисттери
  • Уюштуруучулар: «Мимоза» аялдар ассоциациясы.
  • Аяктоо: акциянын катышуучулары тарап кетишти. 

4) 14. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (BBC имаратынын алдында)

  • Нааразылык акциясынын формасы: иш таштоо
  • Катышуучулардын саны: 19 журналист, Түркия Журналисттер союзунун (TGS) төрагасы Гөкхан Дурмуш жана Түркиянын Лейбористтик партиясынын депутаты Ахмет Шик.
  • Негизги катышуучулар: BBC Стамбул кызматынын кызматкерлери
  • Себеби: журналисттердин сатып алуу жөндөмүнө таасирин тийгизген жогорку инфляция жана Түркиядагы жашоонун баасы. Акциянын катышуучулары ошондой эле алардын Би-Би-Синин журналисти катары укуктары Улуу Британияда жана Би-Би-Синин башка бюролорунда сакталбай жатканын белгилешти.
  • Шылтоо: Түркиянын Журналисттер биримдиги (TGS) менен BBC өзү жамааттык сүйлөшүүлөрдө бир пикирге келе алышкан жок.
  • Аяктоо: Акция нааразылардын тарашы менен аяктады.

5) 14. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Истиклал)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: жүрүш. Фырат университетинин медицина факультетинин студенттеринин нааразылык акциясынын уландысы, бирок мында Стамбулда. 
  • Активдүү хэштег: #ЭнесКара.
  • Катышуучулардын саны: 100 чамасындагы адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Фырат университетинин медицина факультетинин студенттери.
  • Себеп: жаштарга коомчулуктун кысымына каршы нааразылык катары.
  • Себеби: университеттин студенти Энес Каранын жатаканадагы жана ата-энесинин кысымынан улам өз жанын кыйгандыгы.
  • Күч колдонуу: Полиция күч менен таркатты (колду кысуу, таяктар). Кармалгандар 83, анын ичинде кабарчылар (2).
  • Уюштуруучулар: «Биз тил табыша албайбыз» (Barınamıyoruz) жана «Үйсүздөр» (Yurtsuzlar) кыймылдары.

6) 17. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул, Бейкоз (ырчы Сезен Аксунун үйүнүн маңдайында)

  • Нааразылык акцтивдүүлүгүнүн формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 20 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: кудайга ишенген жарандар.
  • Себеби: популярдуу клипти диний коомчулуктун ишенимге шек келтирүү катары кабыл алуусу.
  • Шылтоо: 2007-жылы Аксунун ырынын ремейки жарыкка чыгып, анда «Сабатсыз Обо эне менен Адамга салам айтам» деген сөз орунсуз колдонулган.
  • Күч колдонуу: Байкалган эмес. Полиция кызматкерлери катышты, бирок нааразылык акциянын жол кыймылына тоскоол болбошу үчүн. 
  • Аяктоо: билдирүү окулгандан кийин нааразылар тарап кетишти.

7) 17. 01. 22

Жайгашкан жери: Анкара (Чанкая Туналы Хилми көчөсүндө)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: жүрүш. Фырат университетинин медицина факультетинин студенттеринин нааразылык акциясынын уландысы, бирок мында Анкарада. Алар «Энес Кара – биздин козголоңубуз» деген ураанды кыйкырып жатышты
  • Активдүү хэштег: #ЭнесКара.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган эмес.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Фырат университетинин медицина факультетинин студенттери.
  • Себеп: жаштарга коомчулуктун кысымына каршы нааразылык катары.
  • Себеби: университеттин студенти Энес Каранын жатаканадагы жана ата-энесинин кысымынан улам өз жанын кыйгандыгы.
  • Күч колдонуу: Транспарантты ачууга аракет кылып жатканда полиция кийлигишкен. Көптөгөн жаштар кармалды.

Жолдон өтүп бара жаткан жарандар милициянын катаал мамилесин сындап: «Мындай кылбагыла, алар жөн эле балдар» деп айтышты.

8) 20. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул, Босфор университети. 

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: университеттин алдындагы митинг.
  • Катышуучулардын саны: 70 чамасында.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Стамбул шаарындагы Босфор университетинин (Богазичи) профессордук курамы.
  • Себеп: Ректор доктор Начи Инжинин Эрдоган тарабынан дайындалышы.
  • Шылтоо: Буга бир нече факторлор себеп болгон:
    — бул университетте алгач белгиленгендей университеттин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан шайланышы эмес, ректорду дайындоо фактысы.
    — шайланган үч декандын кызматынан бошотулушу. Инжинин айтымында, декандар аларга каршы башталган «дисциплинардык» иликтөөлөрдөн улам кызматтарынан четтетилген. 
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарашы менен аяктады.

Чынында, бул Мелих Булу университетке биринчи жолу ректор болуп дайындалган 2021-жылдын январында башталган нааразычылыктын уландысы. Анда бул кадам сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоо акцияларына айланган массалык нааразылык акцияларынын башталышына карай биринчи кадам болгон.

Белгилей кетсек, үч декан тең университеттин 2021-жылдагы эгемендүүлүгүн колдоо акциясына катышкан.

9) 21. 01. 22

Жайгашкан жери: Самсун

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: YEPAŞ имаратынын алдындагы митинг.
  • Катышуучулардын саны: 19 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаардын тургундары.
  • Себеби: электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн жогору болушу.
  • Уюштуруучулар: Эркиндик жана тилектештик партиясы (SOL).
  • Аяктоо: Арызды окугандан кийин топ тарап кетти.

10) 23. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Бакыркөй)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: Стамбулдагы Олимпиада борборунун алдындагы митинг.  
  • Катышуучулардын саны: 70 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: уйгурлардын өкүлдөрүнүн тобу.
  • Себеби: 2022-жылы Кытайда өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндары.
  • Уюштуруучулар: Чыгыш Түркстан спорт жана өнүктүрүү ассоциациясы. Тахир Гёкбайрак — президент. 
  • Аяктоо: Демонстранттар арызды окугандан кийин тарап кетишти.

11) 24. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Trendyol кеңсесинин маңдайында)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 100 чамасындагы адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Trendyol соода платформасынын курьерлери. 
  • Себеп: Инфляциянын расмий деңгээли 36% болгонуна карабастан, айлык акынын жетишсиз жогорулашы (11%ке).
  • Аяктоо: Акциядан кийин кызматкерлердин эмгек акысына үстөк акылар 38,8%га чейин көбөйтүлдү.

12) 25. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (аэропорт). 

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: митинг. Нааразылар аларга мейманканадан бөлмө берүүнү талап кылган ураандарды кыйкырып чыгышты.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Стамбул аэропортунда тыгылып калышкан туристтер.
  • Себеп: Калың түшкөн кардан улам каттамдын кечигүүсү.
  • Аяктоо: Түрк аба жолдору авиакомпаниясы өзүнүн эл аралык каттамынын 5 420 жүргүнчүсүн мейманканаларда жайгаштырганын билдирди.
  • Күч колдонуу: Аэропорттун имаратына полициянын кошумча күчтөрү келди, бирок эч кандай күч колдонулган жок.

13) 27. 01. 22

Жайгашкан жери: Анталия

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган эмес.
  • Катышуучулардын негизги курамы: HepsiJet курьерлери.
  • Себеби: бир посылканы жеткирүү үчүн төлөмдүн 1TL гана көбөйүшү. 
  • Шылтоо: Trendyol курьерлеринин ийгиликтүү нааразылык акциясы. 
  • Талаптар:
    — 12. 500 TL + КНС чейин айлык акыны жогорулатуу;
    — 50-чакырымдан баштап ар бир километрге күйүүчү май төлөп берүү;
    — өздөрүнүн укуктарына жетишүүгө аракет кылган HepsiJet кызматкерлерине кысымды токтотуу;
    — келишимдери нааразылыктардан улам токтотулгандар менен келишимди жаңыртуу.

14) 27. 01. 22

Жайгашкан жери: Денизли

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 60 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Арас Карго курьерлери.
  • Себеби: айлык акынын 10%га көтөрүлүшү.
  • Шылтоо: Trendyol курьерлеринин ийгиликтүү нааразылык акциясы. 

15) 29. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Трамп мунарасынын алдында)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: иш таштоо, акциянын алкагында курьерлер жерге (1 TL) тыйынын ыргытышты. 
  • Катышуучулардын саны: 50 чамасында.
  • Катышуучулардын негизги курамы: HepsiJet курьерлери.
  • Себеби: бир посылканы жеткирүү үчүн төлөмдүн 1TL гана көбөйүшү.
  • Талаптар:
    — 12. 500 TL + КНС чейин айлык акыны жогорулатуу;
    — бардык иштен бошотулган жумушчуларды кайра алуу;
    — бардык кызматкерлер менен жылдык жаңы келишимге кол коюу.
  • Шылтоо: Trendyol курьерлеринин ийгиликтүү нааразылык акциясы.

16) 30. 01. 22

Жайгашкан жери: Измир (Байраклы)

  • Нааразылык активлүүлүгүнүн формасы: бош мискейлердин жүрүшү. «Электр баасын кайтарып бергиле» деген ураандар.
  • Катышуучулардын саны: 20 чамасындагы адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаардын тургундары.
  • Себеби: электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн жогору болушу.
  • Аяктоо: тарашты.  

17) 31. 01. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Scotty башкы кеңсесинин алдында)

  • Нааразылык активдүүлүгүүн формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 40 чамасындагы адам.
  • Катышуучулардын негизги курамыы: Scotty компаниясынын курьерлери.
  • Себеби: айлык акынын жетишсиз жогорулашы.
  • Талаптар: 40% айлык акыны жогорулатуу.
  • Аяктоо: талаптарын окугандан кийин тарап кетишти. 

18) 31. 01. 22

Жайгашкан жери: Бодрум (Коначик)

  • Нааразылык активдүүлүгүнүн формасы: митинг. Ураандар: башка нерселер менен катар өкмөттү отставкага кетирүүгө чакырган ураандар да болду. 
  • Катышуучулардын саны: 100 чамасында.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары, оппозициядагы Республикалык Элдик партия (CHP), «Жакшы» (İYİ), Демократия жана Прогресс партиясы (DEVA), Түркиянын Жумушчу партиясы (TİP), Эмгек партиясы (EMEP), Элдердин Демократиялык партиясы (HDP), Эркиндик жана тилектештик партиясы (SOL).
  • Себеби: электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн жогору болушу.
  • Талаптар: тарифтердин көтөрүлүшүн жокко чыгаруу. 
  • Аяктоо: билдирүүнү окугандан кийин тарап кетишти. 

19) 31. 01. 22

Жайгашкан жери: Ризе

  • Нааразылык акактивдүулүгүнүн формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 70 чамасында.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаардын тургундары.
  • Уюштуруучу: Республикалык элдик партия СHP.
  • Себеби: электр энергиясына, газга болгон төлөмдөрдүн жогорулашы, ошондой эле азык-түлүктүн кымбатташы.
  • Талаптар: тарифтердин көтөрүлүшүн жокко чыгаруу. 
  • Аяктоо: электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу көптөгөн нааразылык акцияларынан кийин Түркиянын президенти бул маселе боюнча 31-январда өкмөт жыйынынан кийин билдирүү жасады. Эрдоган тиешелүү мекемелерге электр энергиясынын тарифтерин кайра түзүүнү тапшырганын жарыялады. Айлык лимит 150 киловатттан 210 киловаттка чейин жогорулатылды. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *