Перейти к содержанию

Борбор Азиядагы массалык нааразылыктар

 Бир айдын ичинде 7 өлкөдө 210 нааразылык акциялары жана/же башаламандыктар болуп өттү. 2022-жылдын июлундагы нааразылык акцияларынын саны боюнча Түркияда — 75, Иранда — 67, Азербайжанда — 50, Казакстанда — 31, Кыргызстанда — 13, Өзбекстанда — 2 нааразылык акциясы катталган. Катышуучулардын саны боюнча Өзбекстанда эң көп нааразылык болду. Өзбекстандын Конституциясына Каракалпакстан автономиясын жоюу боюнча өзгөртүүлөр массалык нааразылык акцияларын жаратып, ага 20-25 миңдей адам катышкан.

Борбор Азия лидерлеринин саммити: Жаңы альянс түзүү ниети барбы?

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 20-21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда аймактын беш өлкөсүнүн ортосундагы достукту, жакшы коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоо максатында жаңы өнөктөштүк келишимине кол коюлушу күтүлүүдө.

Кытайдын «катуу атаандаштык» доорунда Борбордук Азиядагы, Түркиядагы жана Азербайжандагы стратегиясы

БА өлкөлөрүндө, Түркияда жана Азербайжанда болуп жаткан окуялар Кытайдын маалымат каражаттарында тигил же бул жактан чагылдырылып, мээ трасттарынын талдоо заты болууда. 2022-жылдын мартынан май айынын аягына чейин кытайлык маалымат каражаттары (анын ичинде аналитикалык борборлор) сөз болуп жаткан өлкөлөр боюнча төмөнкү сандагы материалдарды жарыялашты: Борбордук Азия-48, Азербайжан- 57, Түркия — 61.

Пикеты и задержания — как прошел май 2022

В мае текущего года волна протестов прошла по ряду стран. Страны ЦА, исламский Иран, братские Турция и Азербайджан не стали исключением. Суммарно протесты затронули 90 населенных пунктов. Массовостью отличились Стамбул в Турции (100 тыс. человек) и  Абадан в Иране (более 500 человек).  А жестокостью пресечения выступлений — 5 протестов в Турции, которые завершились массовыми задержаниями демонстрантов. 

Жарандык нааразылык жана активдүүлүк — апрель 2022

Апрель айында өтүлгөн нааразылык акцияларынын саны кыш айларына салыштырмалуу бир топ көбөйгөн. Казакстандан башка каралып жаткан бардык өлкөлөрдө уюштурулган митингдердин саны 45тен 51ге чейин өзгөрүп турат. Мурдагы айлардагыдай эле эң нааразы Иран болду, андан ары Түркия, Азербайжан жана Казакстан болду. Нааразылыктардын негизги себептери, Түркияны алсак, айлык акынын аздыгы, электр энергиясына болгон кымбатчылык болгон. Иранда жарандар жашоо шарты оор болгондуктан митингдерге чыгышкан, ал эми Азербайжанда көпчүлүк пикеттердин негизги себеби сот системасына нааразычылык болгон. Казакстанда акциялардын негизги себеби эмгек акынын аздыгы болду.

Кытай прессасын карап чыгуу «Бир алкак-бир жолдун» катышуучу-өлкөлөрү жөнүндө

Соңку бир нече жылдан бери Кытай дүйнөлүк аренада өзүн ого бетер катуураак жарыялап жатат. Талдоочулар Кытай «Алкак жана жол» демилгесинин жардамы менен Евразияны кайра курууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Жана бул жерде азиялык гиганттын кызыкчылыктарынын чөйрөсү бул долбоорго катышкан кээ бир өлкөлөрдүн кызыкчылыктары менен айкалышып турат. Төмөндө сөз боло турган өлкөлөргө кытайлык ММК ынын кызыгуусу мына ушуну менен шартталган. 2022-жылдын 15-февралынан 5-мартына чейинки мезгилдеги басылмалардын санына караганда, Кытай ММК тарында Борбор Азия өлкөлөрү жана Иран боюнча көбүрөөк, Азербайжан боюнча -азыраак материалдар жарыяланган.

Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан француздук ММК нын көңүлүнүн борборунда

Үстүбүздөгү жылдын 01-15-февралы аралыгында француз маалымат каражаттарында Борбор Азия өлкөлөрү боюнча 25, Азербайжан боюнча 45 материалды жарыяланды. Борбордук Азия боюнча материалдар негизинен нейтралдуу-маалыматтык мүнөздө болсо, Азербайжан үчүн – 5% терс мүнөздөгү материалдар болгон.

Туран Кытайдын көз карашы менен

Февраль айынын алгачкы 15 күнүндө эле Кытайдын маалымат каражаттары Борбор Азия өлкөлөрү жана таң калыштуусу, Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн бири – Азербайжан боюнча 38 макала жарыялашкан. Борбор Азия тууралуу макалалардын көпчүлүгү негизинен Кытай менен эки тараптуу кызматташууга арналган.