Перейти к содержанию

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жана алардын кошуналарындагы нааразызык активдүүлүгү

2022-жылдын февралында Түркияда 62, Иранда— 48, Азербайжанда— 37, Казакстанда— 35 жана Кыргызстанда— 3 нааразылык акциясы жана/же иш таштоо катталган.

Эң ири акциялар Иранда уюштурулган. Катышуучулардын максималдуу саны 2500 адамды түздү. Элдин көчөгө чыгышынын негизги себеби дүйнөлүк экономикалык санкциялардын фонунда кыйла начарлап кеткен оор жашоо шарты болду. 

Түркияда акцияга катышкандардын саны 1000ден ашкан жок. Акциялар негизинен чоң шаарларда, атап айтканда Стамбул жана Измирде өткөрүлгөн. Нааразычылык акцияларынын негизги себептеринин арасында электр энергиясы менен газга болгон төлөмдөрдүн кымбаттыгы, айлык акынын аздыгы жана төлөмдөрдүн кымбаттыгы болгон. Өкмөттү отставкага кетирүү чакырыктары да болгон. 

Азербайжан жогоруда аталган өлкөлөргө салыштырмалуу нааразылык акциясынын өзү боюнча да, катышуучулардын саны боюнча да азыраак. 37 нааразылык акциясынын 12си бириндеген пикет түрүндө уюштурулган. Белгилей кетсек, акциянын экөөсү өзүн-өзү өрттөө менен аяктаган. Январдагыдай эле Бакуда эң көп нааразычылык акциясы болуп өткөн, бул жерде 29 акция өтсө, ал эми аймактарда 8 акция өткөн. Нааразылктн негизги себептеринин бири болуп каржылык оор абал, Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин шалаакылыгы, социалдык жөлөкпул алуу процедурасынын татаалдыгы, ошондой эле согуш ардагерлеринин майыптык топтору болгон. 

Казакстанда көпчүлүк учурда акциялар ири шаарларда, атап айтканда, Нур-Султан, Алматы жана Жаңы-Өзөндө өткөрүлгөн.  Катышуучулардын максималдуу саны 500 адамга жеткен. Нааразылыктын негизги себептеринин арасында январь окуясында кармалгандарды бошотуу, январь айындагы болгон митингдеринин камактагы катышуучуларын кыйноону токтотуу, мунай-газ тармагында иштегендердин айлык акысын көтөрүү талаптары болгон. Ошондой эле өкмөттү отставкага кетирүү, саясий реформаларды өзгөртүү талаптары да айтылган.

Кыргызстанда эң көп катышуучулардын саны 200 адамга жеткен. Митингге чыккандардын негизги талаптары сөз эркиндигин коргоо жана саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетүү талабы болду.

Иран

1) 01.02.22

Локация: Тебриз (Тебриз трактор заводу (Motorsazan Company)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар.
  • Себеби: Эмгек акынын төмөн деңгээли жана алардын кирешеси үстөмдүк кылган инфляцияга дал келбейт.
  • Талаптар:
    — айлык акыны жогорулатуу
    — жөлөкпулдарды алуу.
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарашы менен аяктады. 

2) 03.02.22

Локация: Тегеран (Бюджетти пландоо уюму)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Иран фондулук биржасынын акционерлери.
  • Себеби: Баалардын жана валюта курсунун олку-солку болушу Ирандын баалуу кагаздар рыногунун кескин төмөндөшүнө алып келип, айрым акционерлердин жапа чегип же банкрот болушуна алып келди.
  • Талаптар: Акцияларга баа түзүү маселелерин жана акционерлердин жоготууларына алып келген тоскоолдуктарды чечүү.
  • Аяктоо: Тарап кетишти

3) 03.02.22

Локация: Сирджан (губернатордук кеңсе) 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Nina тамак-аш майын чыгарган Frico Sirjan фабрикасынын жумушчулары
  • Себеби: Завод жабылгандан бери бир нече айдан кийин эмгек акы төлөнбөй калган.
  • Талаптар:
    — заводдун ишин кайра баштоо;
    — карыздарды төлөө;
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

4) 04.02.22

Локация: Хосейнабад айылы (Курдистан) — Санандаж — Дивандер шоссеси.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Нааразычылык иретинде жол тосуу.
  • Катышуучулардын саны: 30-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: айылдын тургундары 
  • Себеби: Жолдун начар абалы жана кооптуулугу.
  • Аяктоо: Хусейнабад айылынын тургундары жолду жабуу губернатордун келиши күтүлүп жаткан 12-февралга чейин улана турганын билдиришти.

5) 05.02.22

Локация: Тегеран (Kian Petrochemical жайгашкан «Арак» машинакуруу компаниясы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы:Иш таштоо.
  • Ураандар: Кудайдын биздин үй-бүлө үчүн жактоочусу жок!  Баарыбыз ачкачылыктан өлөбүз!
  • Катышуучулардын саны: 40-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеби: Эмгек акы боюнча карыздын төлөнбөгөнү.
  • Талаптар:
    — карызды төлөө;
    — алардын эмгек абалын тактоо.
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарашы менен аяктады.

6) 05.02.22

Локация: Тебриз (Тебриз университети)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-70 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер 
  • Себеби: ЖОЖдун окутуучуларынын эмгек акысынын кыскарышы, тиешелүү мыйзамдын сакталбагандыгы.
  • Талаптар: Талаптарды кароо.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

7) 06.02.22

Локация: Тебриз (Тебриз трактор заводу (Motorsazan Company)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар.
  • Себеби: Эмгек акынын төмөн деңгээли жана алардын кирешеси үстөмдүк кылган инфляцияга дал келбейт.
  • Талаптар:
    — айлык акыны жогорулатуу
    — жөлөкпулдарды алуу.
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарашы менен аяктады. 

8) 06.02.22

Локация: Мариван (Курдистан провинциясы) — губернатордун администрациясы

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Ураанда:
    -Мугалимдердин талабы мыйзамдуу!-
    Ой-пикирдин орду капаста эмес! 
  • Катышуучулардын саны: 50-80 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Уюштуруучу: Мариван мугалимдер союзу.
  • Себеби: Маривандагы Күрдистан Мугалимдер союзунун директорлор кеңешинин мүчөсү Шабан Мохаммадинин камакка алынышы.
  • Талаптар: камактагы мугалимдерди жана Шабан Мохаммадиди бошотуу.
  • Аяктоо: Ассоциация ошондой эле куугунтукту уланта турганын жарыялады жана аткаминерлерге «Шабан Мохаммадинин узакка камалышынын» мүмкүн болуучу кесепеттерин эскертти.

9) 06.02.22

Локация: Исфаган (Пенсиялык фонд)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 15-20 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Isfahan Steel Company компаниясынын пенсионерлери. 
  • Себеби: пенсиянын аздыгы, камсыздандыруу көйгөйлөрү, жашоо шартынын начардыгы.
  • Талаптар: теңчилик мыйзамын толук сактоо.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

10) 07.02.22

Локация: Кут-Абдалла (Райондук муниципалитет)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 20-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеби: Жумушчулар үч айдан бери маянасыз жана камсыздандыруусуз иштеп жатышат.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

11)  09.02.22

Локация: Тебриз (Tabriz Motogen заводу)

  • Нааразычылык акциясынын формасы:Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 500 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Tabriz Motogen заводунун жумушчулары
  • Себеби: эмгек акынын аздыгы.
  • Талаптар: Келишимдин шарттарын өзгөртүү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

12) 09.02.22

Локация: Шуша (Шуша шаарынын губернаторунун администрациясы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Ураандар: Биз мындан ары унчукпай тура албайбыз!
  • Катышуучулардын саны: 30-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Парс» газетасынын кызматкерлери.
  • Себеби: Эмгек акынын төлөнбөгөнү.
  • Аяктоо: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

13)  11.02.22

Локация: Исфаган (Abangan Sanat инженердик компаниясынын аймагы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 20-30 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеби: 4 айлык маянанын берилбей жаткандыгы.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

14)  13.02.22

Локация: Ахваз (Хузестан) — Ахваздагы губернаторлук кеңсе

  • Нааразылык акциясынын формасы: Жүрүш.
  • Ураандар:
    -Биз болот эритүүчүлөр, эзүүгө каршы күрөшөбүз!
    -Жумушчулар ойгонушууда, алар эксплуатацияны жек көрүшөт!
  • Катышуучулардын саны: 500-600 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Ahvaz National Steel Group жумушчулары
  • Себеби: айлыктын аздыгы, өндүрүштүн аздыгы, кээ бир өндүрүш линияларынын токтоп калышы.
  • Талаптар:
    — айлык акыны көтөрүү;
    — жашоо деңгээлин жогорулатуу;
    өндүрүштү көбөйтүү;
    өндүрүш тоскоолдуктарын жоюуу.
  • Аяктоо: 14-февралда кезектеги митинг жарыяланды. 

15) 13.02.22

Локация: Тегеран, Мешхед, Санандаж, Керманшах, Шуша, Хоррамабад, Тебриз жана Ахваз — Тегеранда парламенттин алдында, башка шаарларда социалдык камсыздоонун башкы башкармалыгынын алдында.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: ар-кайсы шаарда 200-250 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Социалдык камсыздоо пенсионерлери. 
  • Себеби: пенсиянын аздыгы, камсыздандыруу көйгөйлөрү, жашоо шартынын начардыгы.
  • Талаптар:
    -теңчилик мыйзамын толук сактоо;
    -социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдын 54-статьясын ишке ашыруу;
    -Исмаил Гераминин бошотулушу
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

16)  13.02.22

Локация: Бушер, Күрдистан (провинция), Хамадан, Йезд, Кашан, Гилан (провинция), Ясуж, Шираз — университеттерде 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: ЖОЖдун окутуучуларынын ишмердүүлүгүн токтотуу менен иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 50-70 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Окутуучулук курам.
  • Себеби: Эмгек акынын 30% кыскартылышы.
  • Аяктоо: Окутуучулар курамы нааразылык иретинде университеттин профессордук-окутуучулук курамынын бардык окуу жана илимий иш-чаралары талаптары чечилмейинче токтотула турганын билдиришти.

17)  14.02.22

Локация: Ахваз (Хузестан) — Ахваздагы губернаторлук кеңсе

  • Нааразылык акциясынын формасы: Жүрүш.
  • Ураандар:
    Биз болот эритүүчүлөр, эзүүгө каршы күрөшөбүз!—
    Жумушчулар ойгонушууда, алар эксплуатацияны жек көрүшөт!
  • Катышуучулардын саны: 500-600 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Ahvaz National Steel Group жумушчулары 
  • Себеби: айлыктын аздыгы, өндүрүштүн аздыгы, кээ бир өндүрүш линияларынын токтоп калышы.
  • Талаптар:
    — айлык акыны көтөрүү;
    — жашоо деңгээлин жогорулатуу;
    өндүрүштү көбөйтүү;
    өндүрүш тоскоолдуктарын жоюуу.
  • Аяктоо: Митингчилер акцияны улантууну жарыялашты. 

18) 14.02.22

Локация: Тегеран (Kian Tire Company заводунун алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Бийликтин талаптарды тоготпогондугуна каршы митинг, жумушчулар заводдун аймагындагы дөңгөлөктөрдү өрттөштү.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеби: Алардын айлык маяналарын жана жөлөкпулдарын төлөбөгөндүгү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

19) 16.02.22

Локация: Ахваз (Хузестан) — Ахваздагы губернаторлук кеңсе

  • Нааразылык акциясынын формасы: Жүрүш.
  • Ураандар:
    -Биз болот эритүүчүлөр, эзүүгө каршы күрөшөбүз!
    -Жумушчулар ойгонушууда, алар эксплуатацияны жек көрүшөт!
  • Катышуучулардын саны: 500600 адам.  
  • Катышуучулардын негизги курамы: Ahvaz National Steel Group жумушчулары. 
  • Себеби: айлыктын аздыгы, өндүрүштүн аздыгы, кээ бир өндүрүш линияларынын токтоп калышы.
  • Талаптар:
    — айлык акыны көтөрүү;
    — жашоо деңгээлин жогорулатуу;
    өндүрүштү көбөйтүү;
    өндүрүш тоскоолдуктарын жоюуу.
  • Аяктоо: Митингчилер акцияны улантууну жарыялашты. 

20) 19.02.22

Локация: Тегеран,Исфахан, Мешхед, Хоррамабад, Шираз, Арак, Йезд, Тебриз, Карадж, Ахваз, Керманшах, Шазанд, Лангруд, Санандадж, Бехшахр, Ардебиль, Хамедан, Бабольсар, Мариван, Шуш, Захедан, Ланде, Делфан, Кухдашт, Амол, Заррин Дашт Фарс, Семиром , Кохгилуйе, Бойер-Ахмад, Илам, Урмия, Сакез, Зивие, Джаванруд, Шахрекорд, Кир жана Казерин. Тегеран — парламенттин алдында; Провинциалдык борборлор — Билим берүү башкы башкармалыгынын алдында; Шаарлар — билим берүү бөлүмүнүн алдында.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Ураандар:
    -Өкмөт парламентти колдоп, ага чыккынчылык кылууда! —
    Саясий туткун бошотулушу керек! —
    Мугалим өлөт, бирок кор болбойт! —
    Мугалим дискриминацияны жок кылуу үчүн көтөрүлөт! 
  • Катышуучулардын саны: 150-200ден 1500-2500 адамга чейин.  
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Уюштуруучулар: Ирандын маданий бирикмелеринин координациялык кеңеши.
  • Себеби: мугалимдердин кармалышы, айлык акынын аздыгы, “Мугалимдердин рейтинги жөнүндө” мыйзам долбоорунун аткарылбагандыгы.
  • Талаптар:
    — Саясий камактагы мугалимдерди бошотуу;
    — мамлекеттик кызматты башкаруу боюнча мыйзамды ишке ашыруу;
    — пенсиялык камсыздоо;
    “Мугалимдердин рейтинги жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу;
    — Маданий резерв фондун адилет бөлүштүрүү;
    — айлык акыны жогорулатуу;
    — пенсияларды индексациялоо;
    -социалдык камсыздандыруу проблемалары.
  • Аяктоо: Ушундай эле митинг 22.02.22 күнү жарыяланган, мугалим жана профсоюз активисти Фарханг Рухолла Мардани камакка алынган.

21)  19.02.22

Локация: Тегеран — Ирандын кызматташтык, эмгек жана социалдык камсыыздоо министрлигинин алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Ирандын кызматташтык, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин кызматкерлери.
  • Себеби: Жөлөкпулдарын төлөбөгөндүгү жана айлык акынын кыскартылышы. 
  • Талаптар: Эмгек акыда калыстыкты орнотуу. 
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

22)  19.02.22

Локация: Тегеран — «Вахед» борбордук транспорт кеңсесинин алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг – Айдоочулар катаал жашоо шартына нааразы болуп, ишкананын алдына бош дасторкон жайышты.
  • Ураандар:
    Убада аздык кылат, дасторконубуз бош!
    «Вахед» компаниясынын жетекчилерин чакыруу керек!
    -Оператор башчысын чакыруу керек!
    -Инспекцияны чакыруу керек!
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Айдоочулар.
  • Себеби: айлыктын аздыгы, көйгөйлөргө көңүл бурбоо.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

23)  20.02.22

Локация: Арак, Рашт, Табриз жана Ахваз — Социалдык камсыздоо администрациясы

  • Нааразычылык активдүүлүгүнүн формасы: митинг.
  • Кыйкырылган ураандар:
    -Биз өлөбүз, биз өз укуктарыбызды алабыз!
    -Талаптарыбыздын аткарылышына жетмейинче, нааразычылыкты уланта бергиле!
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Пенсионерлер.
  • Себеп:пенсионерлерди теңдеген мыйзамдын аткарылбаганы, пенсиянын аздыгы, жашоонун оор шарттары.
  • Талаптар: Эмгек акыны толук теңдештирүүнү ишке ашыруу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

24)  20.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — Тегеран метрополитенинин имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеп: Эки айлык эмгек акыны төлөп бербөө.
  • Талаптар: Эмгек акы төлөөдө калыстыкты орнотуу. 
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

25) 20.02.22

Жайгашкан жери: Исфахан — болот куюучу пенсиялык фонд

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Isfahan Steel Company компаниясынын пенсионерлери
  • Себеби: пенсиянын аздыгы, камсыздандыруу көйгөйлөрү, жашоо шартынын начардыгы.
  • Талаптар: теңчилик мыйзамын толук сактоо.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

26) 20.02.22

Жайгашкан жери: Нишапур жана Карадж — шаардык кеңештин имараты 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Кыйкырылган ураандар: Конверсия статусу жөнүндөгү мыйзам чечмеленүүгө жатпайт жана аны аткаруу керек!
  • Катышуучулардын саны: 150 — 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Муниципалитеттин жумушчулары.
  • Себеп: карыздын төлөнбөшү, жумуш сменасын аткарбоо.
  • Талаптар: Эмгек акы боюнча карыздын төлөнбөгөнү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

27) 21.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — Саламаттык сактоо министрлиги

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Кыйкырылган ураандар: Өзүңүздүн мыйзамдуу жактоочуңа кыйкыр!
  • Катышуучулардын саны: 200-250 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Медицина кызматкерлери. 
  • Себеп: контракттык стаусту кызматтыкка которууну аткарбоо, эмгек акынын аздыгы.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

28) 21.02.22

Жайгашкан жери: башкы телекоммуникациялык башкаруунун борбордук имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 200дөн ашык адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар.
  • Себеп: контракттарга өзгөртүүлөрдүн жоктугу, кызматтардын квалификациясын талаптагыдай аткара албоо.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

29) 21.02.22

Жайгашкан жери: Хорремабад жана Кут Абдулла — шаарлардын муниципалитети 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 30-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Муниципалитеттин жумушчулары.
  • Себеп: 6 айлык эмгек акыны жана камсыздандырууну төлөбөө.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

30) 22.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран, Исфахан. Мешхед, Хоррамабад, Шираз, Лахижан, Шазанд, Хондаб, Арак, Йезд, Тебриз, Караж, Ахваз, Керманшах, Лангаруд, Санандаж, Бехшахр, Ардабил, Хамедан, Баболсар, Мариван, Шуша Даниэль, Захедан, Ланде, Кухдашт, Амол, Заррин Дашт-е Фарс, Семиром, Кохгилуе жана Бойер-Ахмад, Илам, Урмия, Сакез жана Зивие, Джаванруд, Шахрекорд, Кир жана Казерин, Тегеран — парламент алдында; Провинциалык борборлор — Башкы билим берүү башкаруунун алдында; Шаарлар — билим берүү бөлүмүнүн маңдайында.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Кыйкырылган ураандар:
    -Камалган эркин мугалим бошотулушу керек!
    -Мугалим, басмырлоо менен күрөшүүгө туруңуз!
  • Катышуучулардын саны: 150-200ден 1500-2500 адамга чейин.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Уюштуруучулар: Ирандын маданий бирикмелеринин координациялык кеңеши.
  • Себеби: мугалимдердин кармалышы, айлык акынын аздыгы, «Мугалимдердин рейтинги жөнүндө» мыйзам долбоорунун аткарылбагандыгы.
  • Талаптар:
    — Саясий мүнөздөгү камактагы мугалимдерди бошотуу; — мамлекеттик кызматты башкаруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча мыйзамды ишке ашыруу;
    — «Мугалимдердин рейтинги жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алуу;
    — Маданий резерв фондун адилет бөлүштүрүү;
    -айлык акыны жогорулатуу;
    — пенсияларды индексациялоо;
    -социалдык камсыздандыруу проблемалары
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

31) 22.02.22

Жайгашкан жери: Зенжан — Саламаттык сактоо министрлиги

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 20-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Себеби: айлыктардын аздыгы.
  • Талаптар:
    -статусту өзгөртүүнү ишке ашыруу;
    -контракттарды өзгөртүү;
    -атайын кезексиз төлөмдөр жана кийимди төлөп берүү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

32) 22.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — Тегеран муниципалитетинин имараты

  •  Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Кыйкырылган ураандар:
    -Убаданы токтоткула, устөлүбүздө эч нерсе жок!
    -Мэр, чык!
  • Катышуучулардын саны: 200-250 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Өрт өчүрүүчүлөр.
  • Себеп: эмгек акынын аздыгы, акынын өз убагында төлөнбөшү.
  • Талаптар:
    -Жогорку инфляциядан улам айлык акынын жогорулашы;
    -Операциялык персоналдын квалификациясын жогорулатуу;
    -Кызматтын башында наамды жана топту кайра карап чыгуу;
    -Жөлөкпулдарды жана кызматкерлердин жашоо абалын эсептөө;
    -Бейшемби күнкү иш нөөмөттөрүндө оперативдүү өрт өчүрүү өргүүсүн төлөө, Тегеран муниципалитетинин Өрт коопсуздугу жана коопсуздук кызматынын директору Мехди Даваринин кызматтан кетиши
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

33) 23.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — парламенттин имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Кыйкырылган ураандар: Жумушчу өлөт, ал кемсинтүүнү кабыл албайт!
  • Катышуучулардын саны: 150 — 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: министрликтердин жана мамлекеттик ишканалардын жумушчулар союздарынын өкүлдөрү.
  • Себеп: бюджеттин 1401-эскертүүсүнүн 1-4-пунктуна каршы, анда министрликтердин кызматкерлеринин эмгек акысы 10% гана жогорулатылган.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

34) 23.02.22

Жайгашкан жери: Тебриз — Tabriz Petrochemical компаниясынын аймагы

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-70 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: жаңы жумушчулардын митинги.
  • Себеп: күрөөлөрдү жана векселдерди алууга каршы.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

35) 23.02.22

Жайгашкан жери: Тебриз — Башкы телекоммуникациялык башкаруунун имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Телекоммуникациянын жумушчулары. тышуучулардын 
  • Себеп: эмгек акылардын жана сый акылардын төлөнбөшү.
  • Аяктоо: Нааразычылыкка чыккан жумушчулар талаптары аткарылмайынча чогулуп, отура беришерин айтышууда.

36) 23.02.22

Жайгашкан жери: Решт — губернатордун имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-70 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Муниципалитеттин кызматкерлери
  • Себеп: эмгек акынын төлөнбөшү.
  • Талаптар: эмгек акыны жогорулатуу жана карыздарды төлөөнү ишке ашыруу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

37) 24.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — парламент

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 20-50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Акционерлер.
  • Себеп: активдерди жоготуу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

38) 24.02.22

Жайгашкан жери: Abadan Petrochemical компаниясынын аймагы

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Иш таштоо.
  • Кыйкырылган ураандар:
    -Эзүүчүгө өлүм!
    — Жумушчу өлөт, ал кемсинтүүнү кабыл албайт!
  • Катышуучулардын саны: 50-70 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар 
  • Себеп: Абадандык нефтхимиялык компаниянын жумушчулары эмгек акы төлөнбөгөнүнө каршы нааразылык катары иш ташташты.
  • Талаптар:
    -эмгек акыны жогорулатуу,
    -карыздарды төлөөнү ишке ашыруу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

39) 24.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — Билим берүү министрлиги жана парламент

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Кыйкырылган ураандар: Ай, министр, жүр, биз менен түшкү тамактанууга бар!
  • Катышуучулардын саны: 150 — 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Себеп: жумуш менен камсыз болуунун кепилдигинин жоктугу, эмгек акынын аздыгы.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

40) 26.02.22

Жайгашкан жери: Тебриз — Башкы телекоммуникациялык башкаруунун имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Телекоммуникациянын жумушчулары. 
  • Себеп: эмгек акылардын жана сый акылардын төлөнбөшү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

41) 26.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — Экономикалык кылмыштар боюнча Тегерандык сот

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Azvico унааларынын кардарлары.
  • Себеп: сатылып алынган автоунаалардын берилбегени.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

42) 26.02.22

Локация: Гамма Ойл ишканасынын аймагы

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Гамма Ойл» ишканасынын кызматкерлери.
  • Себеби: убактылуу контракттар, жумуш менен камсыз болуу кепилдигинин жоктугу, эмгек акы.
  • Талаптар:
    -эмгек акыны жогорулатуу;
    -убактылуу контракттарды туруктуу кылуу;
    -алардын иш абалын текшерүү.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады. 

43)  26.02.22

Локация: Шуша — губернатордун кеңсеси 

  • Нааразычылык акциясынын формасы:Иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 50-100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Pars Haft Tappeh Paper’дин жумушчулары. 
  • Себебиэмгек акынын төлөнбөгөнү, классификацияга ылайык келбегендиги.
  • Талаптар:
    -кызматтык классификация планын ишке ашыруу;
    -эмгек акыны жогорулатуу болуп саналат.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

44) 26.02.22

Локация: Тегеран — Орусия Федерациясынын элчилиги 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Такталган лозунгдар:
    -Путин өлсүн!
    -Тынчтык келсин!
    -Путиндин тарапташтарына өлүм!
    -Орус элчилигинин тыңчылык уясы!
  • Катышуучулардын саны: 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: адамдардын топтору.
  • Себеби: Орусиянын Украина аймагына кол салуусу 
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

45) 27.02.22

Локация: Тегеран — телекоммуникациялык ишканасынын имараты 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Такталган лозунгдарИран телекоммуникациялары мыйзамды кабыл албайт!
  • Катышуучулардын саны: 150 — 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Пенсионерлер. 
  • Себеби: Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй коюу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

46)  27.02.22

Локация: Тегеран, Шираз, Ахваз, Шуша, Тебриз жана Исфахан – бул шаарлардын пенсиялык фонддору

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Такталган лозунгдар:
    -Парламент дагы, өкмөт дагы элди ойлобойт!
    -Эзгенди токткула, дарторконубуз бош калды!
  • Катышуучулардын саны: 100-150  адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Пенсионерлер 
  • Себеби: пенсиялар аз, турмуш деңгээли төмөн.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын чыгымы менен аяктады.

47) 27.02.22

Жайгашкан жери: Тегеран — парламенттин имараты

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг.
  • Катышуучулардын саны: 150 — 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мугалимдер.
  • Себеби: жумушка орношуу көйгөйлөрү, эмгек акынын аздыгы.
  • Талаптар:
    -расмий ишке орноштуруу;
    -алардын иш абалын жакшыртуу.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.

48) 28.02.22

Локация: Тегеран, Мешхед жана Шахрекорд — Тегерандагы парламенттин алдында жана Мешхед менен Шахрекорддун губернаторунун кеңсесинин алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100-150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: аскер кызматындагылар жана пенсионерлер.
  • Себеби: эмгек акынын аздыгы.
  • Аягында: Акция анын катышуучуларынын тарап кетиши менен аяктады.
Туркия

1) 01.02.22

Локация: Стамбул (Varyap Plaza ички жүк ташуу бөлүмү)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 30 эркек.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Yurtiçi Kargo ишканасынын курьерлери.
  • Себеби: эмгек акынын 17 пайызга гана жогорулашына каршы нааразычылык.
  • Жүйөө: ар турдуу ишканалардын курьерлеринин көп сандаган акцияларынын толкунунда.
  • Талаптар:
    -Эмгек акыны 40 пайызга көтөрүү;
    -Жеткирүүлөрдүн санын көбөйтүү;
    -Контрактарды бузууну жокко чыгаруу жана мындан ары кызматкерлер менен контракттарды бузбоо.

2) 01.02.22-26.02.22

Локация: Стамбул (Yemeksepeti ишканасынын башкы кеңсесинин алдында )

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 100 адам (эркектер). 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Yemeksepeti ишканасынын курьерлери, Түркиянын революциячыл жумушчу профсоюздарынын конфедерациясынын (DİSK) өкүлдөрү, Туризм, оюн-зоок жана тейлөө жумушчуларынын профсоюзу (TUHİS).
  • Себеп: эмгек акынын жетишсиз жогорулатылышы.
  • Жүйөө: ар турдуу ишканалардын курьерлеринин көп сандаган акцияларынын толкунунда.
  • Талаптар:
    -Эмгек акыны 5500 лирага чейин көтөрүү;
    -Профсоюздарды уюштурууга мүмкүндүк берүү.

3)  02.02.22

Локация: Артвин (Хопа)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митингге чыккан тургундар нааразылык иретинде электр энергиясына болгон эсептерин өрттөштү.
  • Лозунгдар:
    -АКР биздин чөнтөгүбүздөн колдорунду тарт!
    -АКР өлсүн, бийлик элге өтсүн!
    -Унчукпай турбагыла!
  • Катышуучулардын саны:  болжол менен 500 адам 
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары
  • Себеби: жаратылыш газына, электр энергиясына жана күйүүчү майга карата баалардын өсүшү

4) 04.02.22 

Локация: Шанлыурфа ( электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишкананын алдында) (DEDAŞ)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митингге катышкандар Шанлыурфа-Акчакале жолун тосушту.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары, Элдик-республикалык партиянын өкүлдөрү (СНР).
  • Себеби: электр энергиясына болгон баалардын өсүшү.
  • Күч колдонуу: Нааразычылык билдирүүчүлөрдүн жана сакчылардын ортосунда тирешүү болгон. Ошондой эле полиция дагы болгон. Күч колдонуу фактылары байкалган жок. 
  • Аягында: Акциядагы адамдарды таратышты.

5) 05.02.22

Локация: Мугла (Агры Догубеязи провинциясы, Araz Elektrik, Aytem Enerji имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылган жүрүш.
  • Катышуучулардын саны: 1000 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Агранын тургундары.
  • Себеби: электр энергиясына болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Электр энергиясына болгон баалардын акыркы 127% көтөрүлүшүн жокко чыгаруу;
    -Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери болуп, нааразычылык билдиргендерди таратышты. 

6) 05.02.22-18.02.22

Локация: Стамбул (Эсеньюрт жана Байрампаша)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: 120 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Migros’тун курьерлери.
  • Себеби: эмгек акынын жетишсиз жогорулашы жана адилетсиз «сыйлык берүү» тутуму. 
  • Жүйөө: ар түрдүү ишканалардын курьерлеринин көп сандаган акцияларынын толкунунда. 
  • Талаптар: Эмгек акыны 5800 лирага чейин көтөрүү.
  • Жыйынтык: 250 жумушчу иштен бошотулган. 

7) 05.02.22


Локация: Стамбул (Гази көчөсү)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: бош кастрюлдардын маршы, «Биз талап-тоноого каршы турабыз!» деген лозунгдар угулду.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын Коммунисттик партиясы (TKP)
  • Себеби: электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу

8) 05.02.22

Локация:  Эскишехир (Ulus Anıtı эстелигинин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 40 адам.  
  • Катышуучулардын негизги курамы: Yemeksepeti жана Banabi курьерлери, Элдик-республикалык партиянын өкүлдөрү (СНР).
  • Себеп: эмгек акынын жетишсиз жогорулатылышы.
  • Аягында:  Басма сөз арызын окугандан кийин тарап кетишти. 

9) 06.02.22

Локация: Измир (Gediz Elektrik имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг, лозунгдар: «Биздин эсебибизден сарай байып жатат»
  • Катышуучулардын саны: 28 адам 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын жумушчу партиясынын өкүлдүгү (TIP) 
  • Себеби: баалардын өсүшү 
  • Аяктоо: арызды окугандан кийин тарап кетишти. 

10) 06. 02. 22

Жайгашкан жери: Мардин (Кызылтепе, Өзгүрлүк / Мазыдаг аянты)

  • Нааразычык акциясынын формасы: митинг, жүрүш. Тургундар нааразычылык катары төлөм эсеп кагаздарын өрттөштү.
  • Лозунгдар: Тайип, кетсин! Өкмөт, отставкага кетсин! DEDAŞ кетсин! (DEDAŞ — электр энергиясын бөлүштүрүүчү компания).
  • Катышуучулардын саны: 1000 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: баалардын өсүшү.
  • Күч колдонуу: Полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Полиция чогулгандарды таратуу үчүн атайын каражаттарды, анын ичинде көздөн жаш агызуучу газды жана суу аткычтарды колдонду. 
  • Аяктоо: Полиция тарабынан куулуп, бир нече киши кармалган.

11) 06. 02. 22

Жайгашкан жери: Диярбакыр (Сильван, РТТ имаратынын алдында — DEDAŞ/почтасынын)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: элдин салтанаттуу жүрүшү.
  • Катышуучулардын саны: 50 адам (эркектер).
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн жогору болушу. 
  • Аяктоо: арызды окугандан кийин тарап кетишти. 

12) 06. 02. 22

Жайгашкан жери: Анталия (Атталос аянты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Анталия тургундары.
  • Себеби: баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Электр энергиясы, жаратылыш газы, күйүүчү май жана транспорт, өзгөчө тамак-аш сыяктуу негизги керектөөлөргө болгон баалардын көтөрүлүшүн жоюу, салыктарды азайтуу керек. Энергия бөлүштүрүүчү ишканалар улутташтырылышы керек;
    — кризис учурунда жумушсуз калган жана кирешеси азайган калктын бардык катмарына түз кирешеден колдоо көрсөтүлүшү керек;
    — жумуштан бошотууга тыюу салынышы керек;
    — эмгек шарттарын жакшыртып, дени сак жана коопсуз шарттарды камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү керек;
    — жакырчылыктын чегинде жашагандардын негизги керектөөлөрү канааттандырылышы керек;
    — жашоо образына кийлигишүүнүн каражаты болуп калган керектөөдөн атайын салыктарды алып салуу;
    — аффилирленген компанияларга кепилденген чет өлкөлүк валютада индексацияланган төлөмдөрдү жокко чыгаруу. 
  • Күч колдонуу: Коомчулуктун Кизилтепедеги Dicle Elektr (DEDAŞ) кеңсесине карай жүрүш жүргүзө турган болсо деген учуруна карата полиция да катышты.

13) 06. 02. 22

Жайгашкан жери: Стамбул (Картал Карлыктепе көчөсү)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг, бош мискейердин маршы. 
  • Ураандар: Биз караңгылыкка жана суукка көнбөйбүз!
  • Катышуучулардын саны:  болжол менен 30 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Уюштуруучулар: Түркиянын Коммунисттик Партиясы (ТКП).
  • Себеби: электр энергиясына болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар: электроэнергияны улутташтыруу.

14) 06. 02. 22

Жайгашкан жери: Кожаэли (Чайыров, Farplas автотетиктерди чыгаруучу заводу)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Автомобиль тетиктерин чыгаруучу заводдун жумушчулары.
  • Себеп: эмгек акынын жетишсиз жогорулатылышы.
  • Талаптар: эмгек акыны жогорулатуу.
  • Аяктоо: Заводго кирген полиция тарабынан кармалган 108 адам соттук териштирүүлөрдөн кийин бошотулду.

15) 06. 02. 22 

Жайгашкан жери: Газиантеп (Балыклы паркы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. Демонстранттар электр энергиясына болгон төлөм кагаздарды өрттөштү. 
  • Лозунгдар: Өкмөт, отставкага кетсин!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жумушчулар.
  • Уюштуруучулар: Текстиль, токуу жана булгаары өнөр жайынын жумушчуларынын бириккен профсоюзу (BIRTEK-SEN).
  • Себеп: электр энергиясына тарифтердин жогорулашы жана айлык акынын жетишсиз жогорулашы.

16) 07. 02. 22

Жайгашкан жери: Измир (30 район)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. Электр энергиясынын төлөм кагаздары өрттөлдү
  • Катышуучулардын негизги курамы: Элдик-республикалык партиянын (СНР) 
  • Себеби: күйүүчү майга жана электр энергиясына карата баалардын өсүшү.
  • Аягында:  Элдик-республикалык партиянын (СНР) өкүлдөрү басма сөзгө биргелешкен арызды окуп беришти. Арыздан кийин электр энергиясы үчүн эсептер өрттөлгөн.

17) 07.02.22

Локация:  (Шанлыурфа (DEDAŞ имаратынын алдында) (DEDAŞ — электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишкана)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Катышуучулардын саны: 14 адам (эркектер).
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын жумушчу партиясы (TIP).
  • Себеби: күйүүчү майга жана электр энергиясына карата баалардын өсүшү.
  • Талаптар: электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүн жокко чыгаруу. 

18) 07.02.22

Локация: Адан (Козан, Хусейн Сойдан көчөсү)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жолдорду тосуу.
  • Катышуучулардын саны: 200 адам .
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мектеп автобусунун айдоочулары.
  • Себеби: айдоочулар үчүн лицензия көйгөйлөрүнө байланыштуу.

19) 07.02.22

Локация: Стамбул (Грециянын консулдугунун алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 300 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү. 
  • Себеби: Грециянын чек арасына жакын жерде 19 мигрант сууктан каза болду.

20) 07.02.22

Локация: Стамбул (шаар аянтынан Эжевиттин Эски имараттарына чейин)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: элдин салтанаттуу жүрүшү. 
  • Лозунгдар:
    -Баалардын өсүүсүн жокко чыгаргыла!
    -Өлкөдө кризис болсо, көчөдө көтөрүлүш болот!
    -Кедейден алып, байга беришет, муну өзгөртөбүз!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: жаратылыш газына жана электр энергиясына болгон баанын өсүшү.

21) 08.02.22

Локация: Түркиянын бардык аймагында (Стамбул, Адана, Элазыг, Ван, Эскишехир, Эге, Сивас, Карс, Коджаэли, Анкара, Измир, Ширнак, Мерсин, Анталия, Батман, Урфа, Диярбакыр, Дерсим, Бурса, Сиирт, Мардин, Артвин)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо,элдин салтанаттуу жүрүшү.
  • Лозунгдар:
    -Жалгыз сактана албайсын, баарыбыз чогуу же эч кимибиз!
    -Баарына бирдей, бекер медициналык тейлөө болуш керек!
  • Катышуучулардын негизги курамы: Медицина кызматкерлери. Стамбулда колдошту: Элдик-республикалык партия (CHP), Элдик демократиялык партия (HDP), Жумушчу партия (EMEP), Эркиндик жана тилектештик партиясы (SOL Parti). Коджаэлиде: Элдик-республикалык партия (CHP). 
  • Уюштуруучулар: Түрк медициналык ассоциациясы (TTB), Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматкерлердин профсоюзу (SES), Саламаттык сактоо жумушчуларынын революциячыл союзу (Dev Sağlık İş)
  • Себеби: начар жумуш шарттары, кымбат жашоо, моббинг.
  • Талаптар:
    -Билим деңгээли, иш тажрыйбасы, кесиптик тобокелдик сыяктуу факторлорду эске алуу менен эмгек акыны аныктоо;
    -Саламаттыкты сактоо тармагындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу, коопсуз жумуш орундарын түзүү үчүн натыйжалуу жана баш тартуучу жаңы мыйзамды кабыл алуу;
    -№ 657, 992, 1593, 5199, 5216, 5393, 5996, 6343 мыйзамдарына ылайык саламаттыкты сактоо тармагында иштегенине карабастан, медициналык кызматкер катары көз жаздымда калган ветеринарларга бардык медициналык кызматкерлердин мыйзамдуу жоболоруна жана эмгек акысын жогорулатууга уруксат берүү;
    -Туруктуу кепилденген иш менен камсыздалган медициналык кызматкерлерин санын көбөйтүү;
    -Кесиптик ооруларга, айрыкча Ковид-19 вирусуна каршы бирдиктүү кесиптик оору мыйзамын кабыл алуу;
    -Кошумча ченөө приборлорунун санын 3600дөн 7200гө чейин акырындык менен көбөйтүү;
    -Медициналык-профилактикалык кызмат көрсөтүүлөргө артыкчылык берүү менен баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын түзүү, үй-бүлөлүк медицинага айып салуу жөнүндө жобону жокко чыгаруу;
    -Айрыкча дарыгердин жардамчылары үчүн узак жана чарчатган жумушту жоюу;
    -Рецепт боюнча жыйымдар сыяктуу медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу жыйымдарды алып салуу;
    -Декреттик мыйзамдар менен таңууланган демократиялык эмес дайындоолорду, тергөөлөрдү, моббингдерди, коопсуздукту иликтөөнү, демократияга каршы аракеттерди дароо токтотуу;
    -Жеке медициналык мекемелерде индоссамент, субподряддык жана кооптуу иштердин кысымын токтотуу;
    -Медициналык кызматкерлерди пландоодон баштап медициналык кызматтарды көрсөтүүгө чейин өз уюмдары аркылуу чечимдерди кабыл алуу механизмдерине тартуу;
    -Саламаттыкты сактоо жана медициналык кызматкерлерге бюджеттин көбүрөөк бөлүгүн бөлүп берүү;
    -Статусуна карабастан бардык медициналык пенсионерлер үчүн адам өмүрүнө жете турган пенсия менен камсыз кылуу.

22) 09.02.22

Локация: Коджаэли (Гебзе)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50 адам (эркектер).
  • Катышуучулардын негизги курамы: жүк ташуучу унаа айдоочулар. Акцияны Түркиянын жүк ташуучулар жана жүк ташуучу унаа айдоочулардын ассоциациясынын башкы президенти Элдик-республикалык партиянын (СНР) Кожаэлидеги өкүлчүлүгү колдоого алды.
  • Себеби: күйүүчү майга болгон баалардын өсүшү.

23) 09.02.22

Локация: Стамбул (39 райондор)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. 
  • Лозунгдар:
    -Унчукпай турбагыла, унчукпасаңар баалар көтөрүлө берет!
    -Унчукпай турбагыла, баалардын өсүшүнө «жок» дегиле!
  • Катышуучулардын негизги курамы: Элдик-республикалык партиянын өкүлдөрү (CHP). 
  • Себеби: электр энергиясына болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -«кара жолтой кыш» фондун түзүү;
    -тарифтердин өсүшүн жокко чыгаруу;
    -Жок дегенде кыш мезгилинде КНСти жана АКСны (Атайын керектөө салыгы) нөлгө түшүрүү.
  • Аягында: Арыз окулгандан кийин демонстранттар тарап кетишти. 

24) 09.02.22

Локация: Измир  (Социалдык камсыздоо институтунун имаратынын алдында (SGK)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. 
  • Лозунгдар:
    -Өкмөт отставкага кетсин;
    -Жалпы иш таштоо, жалпы каршылык;
    -АKP өлсүн, бийлик элге өтсүн;
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын революциячыл жумушчу профсоюздарынын конфедерациясы (DİSK), Жумушчу партия, Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздарынын конфедерациясы (BES)
  • Себеби: Баалардын көтөрүлүшү, экономикалык кризис, жогорку эсеп
  • Талаптар:
    -Электр энергиясына, жаратылыш газына, күйүүчү майга болгон баалардын көтөрүлүшүн жокко чыгарып, салыктарды азайтыш керек. Энергия бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу керек.
    -Муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине кезектеги жана кошумча төлөмдөрдү берүү;
    -пенсияга чыгууга милдеттүү арызды жокко чыгаруу;
    -Муниципалдык кирешелерди көбөйтүү жана штаттык чыгымдарды чектөөнү токтотуу.
  • Аягында: Арыз окулгандан кийин демонстранттар мыйзам долбоорлорун өрттөштү.

25) 10.02.22

Локация: Бурса  («Түркиянын металлургдар федерациясынын» заводунун алдында.)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын металлургдар федерациясынын (Türk Metal Sendikası) мүчөлөрү.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 70 адам.
  • Себеби: профсоюздун мучөлөрү — 9 кызматкер иштен бошотулган.

26) 10.02.22

Локация: Стамбул (Бешикташ)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Демократия үчүн союздун мүчөлөрү (DIB).
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 20 адам.
  • Себеби: Баалардын өсүшү, экономикалык кризис
  • Талаптар:
    -Жогорку инфляциянын шарттарында минималдуу эмгек акынын өлчөмүн ар бир үч айда аныктоо;
    -Минималдуу пенсияны минималдуу эмгек акынын деңгээлине чейин көтөрүү;
    -Электр энергиясына жана газга болгон тарифтердин бардык көтөрүлүшүн жокко чыгаруу;
    -Электр энергиясы, суу, газ сыяктуу негизги кызматтар калкка белгилүү бир квотанын чегинде бекер көрсөтүлүшү керек.

 27) 11.02.22

Локация: Стамбул (Стамбул муниципалитетинин Күчүкчекмеже имаратынын алдында )

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Биз жашай албайбыз!
    -Электр энергиясына, жаратылыш газына, күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баалардын көтөрүлүшүн жокко чыгаруу керек!
    -Жалгыз сактана албайсын, баарыбыз чогуу же эч кимибиз
    -Тарифти көтөрүүнү жокко чыгаргыла!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Бардык муниципалитеттердин жумушчуларынын профсоюзунун жана жергиликтүү административдик кызматтын профсоюзунун (Tüm Bel-Sen) мүчөлөрү.
  • Себеби: Баалардын өсүшү, экономикалык кризис, электр энергиясынын кымбаттыгы. 
  • Жүйөө: экономикалык кризиске байланыштуу көптөгөн нааразылык акциялары. 

28) 11.02.22

Локация: Анкара (Социалдык камсыздоо институтунун башкы башкармасынын имаратынын алдында (SGK)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. Демонстранттар эсептерди өрттөштү.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50  адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Анталиядагы Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясы (KESK).
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Күйүүчү майдын баасын жогорулатууну жокко чыгаруу;
    -Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу;
    -Электр энергиясына, сууга жана жаратылыш газына КНСти 1% чейин төмөндөтүү;
    -Көз карандысыз сот;
    -Чыныгы коллективдуу келишимди укуктук жактан жөнгө салуу, эмгек акыны кошумча жогорулатуу.

29) 12.02.22

Локация: Бурса

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Алардын объектилеринде жарыкты өчүрүштү.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Чакан ишкерлер (барлар, таверналар, кумарканалар).
  • Себеби: Электр энергиясына болгон баалардын өсүшү.  
  • Талаптар:  Электр энергиясына болгон баалардын өсүшүн жокко чыгаруу. 

30) 12.02.22

Болгон жери: Измир (Алиага району)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Митинг. Демонстранттар эсептерди өрттөштү.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Кеме иштетүүчү жумушчулар.
  • Себеби: Аз айлык акы жана катаал эмгек шарттары.
  • Талаптар: Эмгек акыны жогорулатуу.

31) 12.02.22

Болгон жери: Эскишехир (Адалар)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Лозунгдар:
    Тарифтерди көтөрүүнү токтоткула, биз мындан ары эсептерди төлөй албайбыз!-
    Мен мындай тарифтер менен жашай албайм!-
    -Биз караңгыда жашабайбыз!
    -Баррикадалар коом үчүн эмес, бандалар үчүн!
    -Кымбаттатуулар болбосун!
    -Биз элбиз, туура айтабыз, жеңебиз!
    -Өкмөт отставкага кетсин!
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Эмгек жана демократия платформасы
  • Себеби: Баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Зарыл болгон товарларга, өзгөчө тамак-ашка жана электр энергиясына баалардын көтөрүлүшүн жокко чыгаруу;
    -Адилеттүү эмгек акы саясатын камсыз кылуу;
    -Жогорку инфляциянын шартында эмгек акыны жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
    -Иш таштоого тыюу салуу;
    -Энергетика тармагындагы менчиктештирүү саясатын токтотуу.
  • Аягында: Арыз окулгандан кийин демонстранттар тарап кетишти. 

32) 12.02.22

Болгон жери: Эскишехир 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: Электр энергиясына болгон баалардын өсүшү. 
  • Күч колдонуу:  Полиция кызматкерлери демонстранттарды калкандары менен түртүп жиберишти.

33) 13.02.22

Локация: Стамбул (Кадыкей)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Элдик-республикалык партия (СНР), шаар тургундары.
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар: Отунга болгон баалардын өсүшүн жокко чыгаруу. 

34) 13.02.22

Локация: Локация: Стамбул (Кадыкей)

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  бош каструлдардын маршы.
  • Катышуучулардын саны: 100 адам (эркектер).
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Биз аялдардын өлүмүн токтотобуз» (KCDP) платформасы, аялдар. 
  • Себеби: Электр энергиясына, газга, азык-түлүктөргө жана жумушсуздукка болгон баалардын өсүшү.
  • Күч колдонуу: Полициялар менен демонстранттардын кагылышуусу.

35) 14.02.22

Локация: Стамбул (Кадыкейдеги соода борборунда)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Отуруу акциясы.
  • Лозунг: Соода борборлорунда жылуу, үйлөрүбүздө суук!
  • Катышуучулардын саны: 20 адам (аялдар). 
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Баалардын акыркы жолку өсүшүн жокко чыгаруу;
    -Кээ бир товарларга КНСти жокко чыгаруу.

36) 14.02.22

Локация: Анталья (Коньяалты району)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: Отуруу акциясы.
  • Катышуучулардын саны: 20 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Журналисттердин Түрк федерациясы.
  • Себеби: Жергиликтуу басма сөз кызматынын көңүлүн көйгөйлөргө буруу үчүн.

37) 15.02.22 

Локация: Коджаэли (Картепе району)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 61 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Картепенин каарылар ассоциациясы, шаар тургундары.
  • Себеби: болот-литий жана Картепе районундагы 240 гектар болгон аянттагы ижарага берүүчү завод.

38) 15.02.22 

Локация: Мерсин («Интенс» ишканасынын имараты) 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: ишкананын имаратында иш таштоо акциясы / элдин салтанаттуу жүрүшү.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 700 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Интенс» жана «Аккую» ишканасынын жумушчулары.
  • Себеби: Аз айлык акы жана катаал эмгек шарттары.
  • Талаптар:
    -Айлык акыны көтөрүү;
    -Айлык акыны өз убагында төлөө.

39) 15.02.22

Локация: Самсун (Сулеймания кесилиши)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Лозунгдар: Мындай кымбаттоолор менен жашоо мүмкүн эмес!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Самсун шаарындагы Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясы (KESK).
  • Себеби: Баалардын өсүшү. 
  • Талаптар:
    -Баалардын өсүшүн жокко чыгаруу;
    -Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу.

40) 16.02.22

Локация: Стамбул (Кадыкей)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50дөн ашык.
  • Катышуучулардын негизги саны: Түркиянын революциячыл жумушчу профсоюздарынын конфедерациясы (DİSK).
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баанын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Кошумча төлөмдөрдү жокко чыгарып, коштом кагаздардан салык албоо;
    -Жаңы минималдуу эмгек акынын аныктоо, бардык эмгек акылар эң аз айлык акынын деңгээлине көбөйтүлүшү керек, ал эми эң төмөнкү пенсия минималдуу өлчөмдөн төмөн болбошу керек;
    -Эмгек акы салыгын кыскартуу;
    -Туруксуз иштердин бардык түрлөрүн токтотуп, бардыгын жумуш менен камсыз кылуу;
    -Профсоюздук укуктарды ишке ашыруудагы бардык тоскоолдуктар жоюлсун.

41) 16.02.22

Локация: Эскишехир (муниципалитет имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 150дөн ашык.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Эскишехир шаардык муниципалитетинин кызматкерлери.
  • Себеби: Эмгек акынын жетишсиз жогорулашы.
  • Талаптар: Айлык акыны кайра көтөрүү.

42) 16.02.22 

Локация: Стамбул (Решитпаша)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны:  болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын Коммунисттик партиясы (ТКР).
  • Себеби: Электр энергиясы жана жаратылыш газы үчүн жогорку эсептер.
  • Талаптар:
    -Өндүрүштү тезирээк улутташтыруу;
    -Электр энергиясын бөлүштүрүү.

43) 18.02.22 

Локация: Бир нече шаарларда (Анкара, Мугла, Адана, Мерсин, Анталья, Айдын, Стамбул)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциацияларынын федерациясынын мүчөлөрү, 30 000ге жакын үй-бүлөлүк дарыгерлердин облустук бирикмелери, Адана ден соолук платформасы, Адана Медициналык палатасы, SES Адана филиалы, Мерсин медициналык палатасы, Мерсин үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясы (MAHDER), баштапкы медициналык саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Мерсин филиалы жана «Тилектештик» профсоюзу, Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр биримдигинин Мерсин филиалы (SES), Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматкерлер профсоюзунун (SES) Анталия бөлүмү.
  • Себеби: Айлыктын жогорулашынын жетишсиздиги, саламаттыкты сактоо тармагындагы зордук-зомбулук боюнча эффективдүү мыйзамга жана Ковид 19ду кесиптик оору катары тааныган бул мыйзамдарды ишке ашырган сот адилеттигинин тутумуна ээ болгусу келишет.

44) 18.02.22

Локация: Стамбул (Бейкоз)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Migros’тун мурунку жумушчулары, кампалардын, порттордун, судоверфейдин жана деңиз флоттун жумушчуларынын профсоюзунун мүчөлөрү.
  • Талаптар:
    -Айлык акыны саатына 4 лирага көтөрүү;
    -Жумушту кайтаруу.
  • Күч колдонуу: Полиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулуп, 100гө жакын демонстранттар кармалды.

45) 18.02.22 

Локация: Анкара (АКШнын Анкарадагы элчилигинин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Лозунги:
    -НАТО кетсин, АКШ кетсин!
    -Баскынчылар дайыма утулушат!
    -АКШ империализми кетсин!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын Коммунисттик партиясы (ТКР).
  • Талаптар: Алар Түркиянын НАТОдон чыгышын талап кылышууда.

46) 19.02.22

Локация: Стамбул (Индиянын консулдугунун жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 50дөн ашык адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Ой эркиндиги жана билим алуу укугу боюнча коом (Özgürder) жана Адам укуктары жана эзилгендер менен тилектештик ассоциациясы (Mazlumder).
  • Себептер: Индиянын кээ бир колледждеринде мусулман кыздарга хиджаб кийгени үчүн сабакка барууга тыюу салынганына байланыштуу.

47) 19.02.22

Локация: Элазиг, Малатья, Сивас

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Кымбаттатууну жокко чыгаргыла!
    -Өкмөт отставкага кетсин!
    -Жалгыз сактана албайсын, баарыбыз чогуу же эч кимибиз!
    -Электр энергиясы бул укук, ал элдики, аны сатууга болбойт!
  • Катышуучулардын саны: аныкталган эмес
  • Катышуучулардын негизги курамы: Эмгек жана демократия күчтөрү, Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясы (KESK), Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтардын профсоюзунун бөлүмү
  • Себеби: Баалардын өсүшү, жогорку эсептер.

48) 20.02.22

Локация: Стамбул (Кадыкейдеги Бешикташ Искеле аянтынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Көрүнбөгөн эмгек, үнүңдү бийик көтөр!
    -Баалардын көтөрүлүшү, куугунтук, кыйноо, бул жерде АКР!
    -Биз унчукпасак баа көтөрүлө берет!
    -Мындай баанын көтөрүлүшү менен жашоого болбойт, аны жокко чыгаргыла!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 150 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Элдик демократиялык партия (HDP), Демократиялык массалык уюмдар жана саясий партиялардын өкүлдөрү, жумушчулар, студенттер, дыйкандар жана аялдар.
  • Себеби: Баалардын өсүшү, жогорку эсептер.
  • Талаптар:
    -Баанын көтөрүлүшүн жокко чыгаруу;
    -Негизги керектөөчу товарларга салыктарды алып салуу;
    -Акысыз электр энергиясы (максимум 230 киловатт)№
    -Электр энергиясын мамлекеттик бөлүштүрүүнү жана электр энергиясын өндүрүүнү камсыз кылуу.

49) 21.02.22

Локация: Анкара (Чанкая муниципалитетинин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунги: Биз адамча жашагыбыз келет!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Бардык муниципалитеттердин жумушчуларынын профсоюзунун жана жергиликтүү административдик кызматтын профсоюзунун (Tüm Bel-Sen) мүчөлөрү.
  • Себеби: Баалардын өсүшү, жогорку эсептер.
  • Талаптар:
    -Бардык керектөөчу товарларга бааларды көтөрүүнү жокко чыгаруу ;
    -Электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу;
    -Муниципалитеттер тарабынан транспорт жана суу сыяктуу негизги коммуналдык кызматтарга чоң чыгымдарды түзгөн электр энергиясы жана күйүүчү май үчүн ПКТ жана КНСти нөлгө чыгаруу;
    -КНСти толугу менен алып салуу;
    -Казыналык кепилдиктер менен иштөөдө доллар жана евродо кепилдиктерди жана төлөмдөрдү жокко чыгаруу;
    -Татыктуу эмгек акы;
    -Укуктук ченемдерди дароо кабыл алуу, анын ичинде чыныгы жамааттык келишим жана иш таштоо укугу;
    -Ар бир адамдын коопсуз жумушун жана коопсуз келечегин камсыздаган мыйзамдык базага ылайык, 3600 кошумча көрсөткүч жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине басмырлоосуз берилиши керек.

50) 21.02.22

Локация: Измир (Алсанжак темир жол вокзалынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50адам
  • Катышуучулардын негизги курамы: Мамлекеттик кызматкерлердин профсоюздар конфедерациясынын (KESK) филиалдарынын платформасы
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү
  • Талаптар:
    -баалардын өсүшүн жокко чыгаруу
    -менчиктештирүүнү жокко чыгаруу.

51) 22.02.22

Локация: Коджаэли (Farplas заводунун имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Жакырчылыкка каршы феминисттердин нааразычылыгы, биз Farplas жумушчулары менен биргебиз!
    -Иштен бошотулган жумушчулар кайра жумушка алынсын!
    -Ар бир жумуш ордунда бала бакча!
    -Бирдей эмгекке бирдей эмгек акы!
    -Биз каршылык көрсөтүү менен жеңебиз!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 30 адам/
  • Катышуучулардын негизги курамы:  Farplas заводунун жумушчулары, феминист аялдар, Элдик демократиялык партия НDP’нын/ депутаттары
  • Себеби:  Алар профсоюздук укуктарга, эмгек акыны көтөрүүгө жана өздөрүнүн жашоо шартына нааразычылык билдиришет.

52) 23.02.22

Локация: Чорум (Оздоганлар кесилиши)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Жеңиш каршылык көрсөткөн жумушчулар тарапта болот
    -Бир күнү АКР элге отчет берет!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам/
  • Катышуучулардын негизги курамы: Эмгек партиясы (EMEP), Sol партиясы;
  • Себеби:  Баалардын өсүшү, жогорку эсептер.
  • Талаптар:
    -Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн жаратылыш газы, суу, электр энергиясы, телефон жана интернет бекер болушу керек;
    -Электр энергиясына гана эмес, эң керектүү товарларга дагы КНС менен БССны тез арада алып салуу керек;
    -Кедей дыйкандардын жоготуулары тез арада толтурулууга тийиш.

53) 23.02.22 

Локация: Зонгулда́к (Чайчума району)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 40 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу (Eğitim Sen).
  • Себеби:  Баалардын өсүшү, жогорку эсептер.
  • Талаптар:
    — Бардык керектөөчү товарларынын баасын жогорулатууну жокко чыгаруу керек;
    -Электр энергиясын өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу керек;
    -Ачык жана отчеттуу мамлекеттик башкарууну киргизүү зарыл;
    -Транспорт жана суу менен камсыздоо сыяктуу негизги мамлекеттик кызматтарга чоң чыгымдарды кошкон электр энергиясына жана күйүүчү майга ПКТ жана КНСти нөлгө түшүрүү;
    -Негизги керектелуучу товарларга КНС толугу менен жоюлсун;
    -Мамлекеттик-жеке кызматташтык долбоорлорун, валюта кепилдиги менен аукциондорду токтотуу керек.

54) 23.02.22

Локация: Измир (Карабурун жана Чешме райондору)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам
  • Катышуучулардын негизги курамы: Түркиянын Коммунисттик партиясы (TKP), Түркиянын революциячыл жумушчу профсоюздарынын конфедерациясы (DİSK), Измир платформасы «Жашоо мейкиндиги,  Элдик демократиялык партиясы (HDP)
  • Себеби:  Баалардын өсүшү, жогорку эсептер
  • Талаптар: 
  • Эл керектөөчу бардык товарлардын баасын жогорулатууну жоюу керек. 
  • Электр энергиясын өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканаларды улутташтыруу керек.

55) 24.02.22

Локация: Измир (муниципалитет имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Биздин айткандарыбыз туура, биз татыктуубуз!
    -Биз силерге кам көрөбүз, силер да бизге кам көргүлө!
  • Катышуучулардын саны: 20 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Элдик республикалык партия (CHP).
  • Себеби: Жумушка кабыл алуу убадасы аткарылган жок.

56) 24.02.22

Локация: Стамбул (орусия элчилигинин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Лозунгдар:
    — Путинди токтоткула!
    -Согушту токтоткула!
    -Путин Украинадан кет!
    -Украина менен сыймыктанабыз!
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам
  • Катышучулардын негизги курамы: Украинанын жарандары
  • Себеби: Орус-украин согушуна каршы нааразычылык

57) 24.02.22

Локация: Анталья (Аланья району) 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Лозунгдар:
    -Путинди токтоткула!
    -Путин Украинадан кет!
    -Украинаны колдойбуз!
  • Катышуучулардын саны: 50дөн ашык.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Украина менен Орусиянын жарандары.
  • Себеби: орус-украин согушу.

58) 26.02.22

Локация: Анкара  (Адакале көч.)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Лозунгдар: Кызматка көтөрүү, эзүү, кыйноо, бул АКР!
  • Катышуучулардын саны: 48 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо ассоциациялары.
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү.
  • Талаптар:
    -Жеке менчик электр энергиясын өндүрүүчү жана бөлүштүрүүчү ишканаларды тез арада экспроприациялоо керек;
    -Электр энергиясына 18% КНС 1% чейин төмөндөшү керек;
    -Аз камсыз болгон, жакыр жана жакыр үй-бүлөлөргө 230 кВт саат электр энергиясы бекер берилсин;
    -Электр энергиясына болгон эсептердеги энергияны керектөөнүн өздүк наркында жашырылган адилетсиз баалар жоюлууга тийиш.
  • Күч колдонуу: Акция Сакараяда полиция тарабынан токтотулгандыктан, акция Адакале көчөсүндө өткөрүлдү.

59) 26.02.22

Локация: Кушадасы (AYDEM имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Катышуучулардын саны: 73 адам 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Кушадасы шаардык тилектештик күчтөрү
  • Себеби: Электр энергиясына жана газга болгон баалардын өсүшү
  • Талаптар:
    -Электр энергиясына жана газга болгон баанын өсүшүн жокко чыгаруу;
    -Украин элинин тарабында болуу;
    — Турак жайлар үчүн тарифтин төмөнкү чегин айына 230 кВт саатка чейин жогорулатуу;
    -Турак жайларда электр энергиясына, жаратылыш газына жана сууга кошумча нарк салыгы 1 пайызга чейин төмөндөтүлүшү керек.;
    -Финансылык кыйынчылыктан төлөй албагандардын электр жарыгы, газы, суусу өчүрүлбөй, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек,

60) 26.02.22

Локация: Мугла (Бодрум жана Мармарис)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Лозунги:
    -Согуш болбосун!
    -Путин токто!
    -Путин артка!
    -Биз тынчтыкты каалайбыз!
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Украинанын ассоциациясы, украиндер.
  • Себеби: Орусиянын Украинадагы аскерий операциясына каршы.
  • Күч колдонуу: Милиция кызматкерлери катышты.

61) 27.02.22

Локация: Анкара

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Украина ассоциациясы.
  • Себеби: Орусиянын Украинадагы аскерий операциясына каршы.
  • Талаптар: Украинага жардам берүү.

62) 26.02.22

Локация: Бир нече шаарларда (Стамбул (Кадыкей), Адана, Адыяман, Анталия, Айдын, Балыкесир (Алтынолук, Бандырма, Бурхание), Дерсим, Эскишехир, Измир, Кыркларел, Кайсери, Мугла ​​жана Самсун)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Алевит уюмдары, Пир Султан Абдал маданий ассоциациялары, алеви маданий ассоциациялары, ошондой эле Измир бөлүмүнүн, Эмгек жана Демократиялык күчтөрдүн, Алевит демократиялык бирикмелеринин, саясий партиялардын жана жарандардын өкүлдөрү.
  • Себеби: Мектептердеги милдеттүү дин сабактарына каршы.
  • Талаптар:
    -Эне тилдеринде бекер илимий билим берүү;
    -Улуттар жана диндер үчүн эркиндик;
    -Милдеттүү дин сабагы бардык деңгээлде жоюлушу керек;
    -Бала бакчада дин сабагын өткөрүү сунушун четке кагуу керек;
    -Европа Адам Укуктары Конвенциясына жана Адам укуктары боюнча Европа сотунун алевиттери балдардын милдеттүү диний сабактардан бошотулушуна байланыштуу чечимдерине баш ийүү керек;
    -Элге билим беруу кеңештерин демократиялык жана көз каранды эмес консультативдик кеңештерге айландыруу, бул кеңештерде коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрү болууга тийиш.

63) 26.02.22

Локация: Стамбул (Истиклал көч.)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Университеттердин студенттери.
  • Себеби: Жогорку эсептер, баалардын өсүшү.
  • Талаптар: Баалардын өсүшүн жокко чыгаруу.
  • Күч колдонуу: 26 адам кармалган.
Азербайжан

БОРБОРУ

1) 01.02.22

Локация: Баку (Ичери Шехер метро станциясынын чыга беришинин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: Финансылык абалдын оордугу, майыптык тобун ала албагандыгы. 
  • Аягында: Милиция кызматкерлери демонстранттарды белгисиз тарапка алып кетишти, болжолдуу максаты акция болгон жерден алыстап кетүү болгон. 

2) 02.02.22

Локация: Баку, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министирлигинин имаратынын алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 4 адам (анын ичин 3 бала).
  • Катышуучулардын негизги курамы: активист А.Гумбатовдун жубайы. 
  • Себеби: Финансылык оор абал, нааразычылык билдирүүчүнүн жубайынын камалышы, балдарынын оорусу. 
  • Талаптар:  оорулуу уулуна ай сайын берилуучу акчалай жардамды токтоосуз беруу, врачтык комиссияда бюрократтарды жазалоо жана нааразычылык билдирүүчүнүн жубайын бошотуу.
  • Аягында: нааразычык билдирүүчүлөр балдары менен чогуу министрлике чакырылды.  Арыз каралып, анын кайрылуусун кароого жана баланын майыптыгын аныктоо маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада берилди.

3) 03.02.22

Локация: Баку, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министирлигинин имаратынын алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: оор финансылык абал, министирлигинен акчалай жардам дайындоодон баш тартуу. 
  • Аягында: нааразычылык билдирген адам министерствого кабыл алынды. 

4) 05.02.22

Локация: Баку, Жасмин соода борбору

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  чогулуш. 
  • Катышуучулардын саны: 7 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: ишкерлер. 
  • Себеби: адилетсиз сот тутуму, ошондой эле соода борборунун директору М.Башировдон ишкерлер тарабынан сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде сатып алынган объекттерди тартып алуу боюнча Конституциялык соттун «буйрутма берүү» чечими, объекттерге Халгбанктын ээлеп алышы. 
  • Аягында: тарап кетишти.

5) 06.02.22

Локация: Баку 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: такси айдоочулар. 
  • Себеби:  жүрүүнүн арзандыгы, иш күнү 8 сааттан ашык.
  • Талаптар: төлөмдү көтөрүү.
  • Аягында: тарап кетишти.

6) 07.02.22

Локация: Баку, майыптардын реабилитациялык борборунун имаратынын алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Катышуучулардын саны: 15 адам. 
  • Себеби: майыптыгы боюнча акчалай жардамды алуунун татаал тартиби, ошондой эле белгисиз себептер боюнча акчалай жардамды жокко чыгаруу.
  • Уюштуруучулар: стихиялуу. 
  • Аягында: Борбордун кызматкери нааразычылык билдиргендерге чыгып, алардын арыз-муңун уккан. 

7) 08.02.22

Локация: Баку, Президенттин Аппаратынын жанында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш. 
  • Катышуучулардын саны: 15 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: Карабах согушунун II катышуучусу. 
  • Себеби: ардагер статусун бербөө жана медалдарды тапшырбоо.  
  • Аягында: Милиция кызматкерлери президенттик аппараттын кабыл алуусунда нааразычылык билдиргендердин бир нечесинин аты-жөнүн жазып алышкан. 

8) 08.02.22

Локация: Баку, Иншаатчылар метро станциясынын жанында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 4 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: көчө соодагерлери.
  • Себеби: оор каржылык абал. 
  • Аягында: тарап кетишти. 

9) 08.02.22

Локация: Баку, Президенттин Аппаратынын жанында

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  жалгыз пикет. 
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: жумушта алган жаракаттан кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу көйгөйлөрү. 

10) 08.02.22

Локация: Баку, Юстиция министирлигинин имаратынын алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1
  • Катышуучулардын негизги курамы: маркум аскер кызматчысынын апасы. 
  • Себеби: нараазычылык билдирүүчүнүн уулуна шейит статусун берилбеши. Буга жоокер өз жанын кыйды деген жүйө келтирилген. 
  • Талаптар: ишти тийиштүү түрдө кароо.
  • Аягындааял министрликке кабыл алынган. 

11) 09.02.22

Локация: Баку

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Катышуучулардын негизги курамы:шейиттин атасы жана ардагер. 
  • Себеби: жумушсуздук. 

12) 11.02.22

Локация: Баку, Башкы прокуратуранын имаратынын алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1
  • Катышуучулардын негизги курамы: ишкер.
  • Себеби: ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу, Сумгаиттин аткаруу бийлигинин жана милициянын коркутуулары, ишти прокуратурада карабоо. 

13) 11.02.22 

Локация: Баку, Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1
  • Себеби: врачтын шалаакылыгы. 

14) 15.02.22 

Локация: Баку, Президенттин Аппаратынын жанында

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  митинг.
  • Катышуучулардын саны: 12.
  • Катышуучулардын негизги курамы: согушта курман болгон жоокерлердин туугандары. 
  • Себеби: нааразычылык билдиргендердин туугандарына шейит статусун бербөө.
  • Күч колдонуу: Полиция демонстранттарды президенттик аппараттын имаратына жакындатпай коюуга аракет кылган. 
  • Аягында: полиция тарабынан куулушу. 

15) 15.02.22

Локация: Баку, Башкы прокуратуранын имаратынын алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: Нахичеванын борбордук ооруканасынын врачтарынын шалаакылыгы, арыз-даттануу болгонуна карабастан укук коргоо органдарынын уч жылдан бери аракетсиздиги.
  • Аягында: прокуратурага киргизилди. 

16) 15.02.22

Локация: Баку, Unibank’тын башкы кеңсесинин имаратынын алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: Насыяны төлөбөгөндүгү боюнча банктын доо арызы (демонстрант насыяны толук жабууну тастыктаган бардык документтер бар экенин айтат).
  • Аягында:  банкта кабыл алынган.  

17) 15.02.22

Локация: Баку, Бинагадинский району

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: Ишкерлер ижарага алган цех жайгашкан жер тилкесин сатуу жана ижара мөөнөтү бүтө электигине карабастан ижарага алуучу Azinşaat тарабынан цехти бузуу.
  • Аягында: тарап кетишти.

18) 17.02.22

Локация: Баку, Американын элчилигинин алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1
  • Катышуучулардын негизги курамы: ишкер.
  • Себеби: ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу, Сумгаиттин аткаруу бийлигинин жана милициянын коркутуулары, ишти прокуратурада карабоо. 
  • Аягында: Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 

19) 17.02.22

Локация: Баку, Г. Алиев проспектиси

  • Нааразычылык акциясынын формасы:  4 жүк ташуучу унаа менен жолду тосуп жатышат.  
  • Лозунги: Уруксат кылуучу документтерди бергиле! Өнүм начарлап баратат! Биз банкрот болдук!
  • Катышуучулардын саны: 4.
  • Катышуучулардын негизги курамы: R Group логистикалык фирмасынын башчысы жана жук ташуучу машиналардын айдоочулары.
  • Себеби: Уруксат кылуучу документтерди бербөө, Мамлекеттик автожол кызматынын кызмат адамдарынын шалаакылыгы.
  • Аягында: Демонстранттардын баары кармалып, жетекчиси 2 айга камакка алынган. 

20) 19.02.22 

Локация: Баку, Нариманов району 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш. 
  • Катышуучулардын саны: 15.
  • Катышуучулардын негизги курамы: үйлөрүнүн ордуна көп кабаттуу үй курулуп жаткан жарандар.
  • Себеби: Имаратты пайдаланууга бербөө, батирлерди ижарага берүү үчүн акча төлөнбөө. 
  • Аягында: Тарап кетишти.

21) 22.02.22

Локация: Баку, Президенттин Аппаратынын жанында

  • Нараазычылык акциясынын формасы: өзүн-өзү өрттөө аракети. 
  • Катышуучулардын саны 3 (1 бала).
  • Себеби: Финансылык оор абал, ИВ Quba r.’нын шалаакылыгы, жашоо шартынын начардыгы. 
  • Аягында: Тарап кетишти.

22) 22.02.22

Локация: Баку, Президенттин Аппаратынын жанында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны 2 (1 бала).
  • Себеби: ИВ Quba r.’нын башчысынын коркутуулары. Нааразычылык билдирүүчү Зияддин Алиева президенттик аппаратка кайрылып, көрсөтмө берилгендигине карабай аткаруу аппаратынан жардам көрсөтүлбөгөнү, финансылык абалы оор, анын аутизм менен ооруган баласына дарылоого жардам көрсөтүлбөгөндүгү үчүн президенттик аппаратка жана Мехрибан Алиевага жардам сурап кайрылган.
  • Аягында: Кармалган.

23) 24.02.22

Локация: Баку, Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 2.
  • Себеби: Орусиянын Украинада согуш башташы, Орусия менен Азербайжандын союздаштык декларациясына кол коюусу.
  • Аягында: Демонстранттардын бири кармалган.

24) 25.02.22

Локация: Баку, Украинанын элчилигинин алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: элдин салтанаттуу жүрүшү.
  • Катышуучулардын саны: 5.
  • Катышуучулардын негизги курамы: «Демократия 1918»  кыймылынын өкүлдөрү.
  • Себеби: Орусиянын Украинада согуш башташы, Орусия менен Азербайжандын союздаштык декларациясына кол коюусу.
  • Аягында: Арызды окугандан кийин тарап кетишти.

25) 25.02.22

Локация: Баку, коргоо министирлигинин имаратынын алдында.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 11.
  • Катышуучулардын негизги курамы: II Карабах согушунун катышуучулары.
  • Себеби: Тутумда согуштун катышуучулары катары демонстранттардын аты-жөнү жоктугу, натыйжада алар акчалай жардам ала алышпайт.
  • Аягында: Тарап кетишти.

26) 25.02.22

Локация: Баку, Мушвигабад кыштакча.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 12.
  • Катышуучулардын негизги курамы: кыштакчанын тургундары 
  • Себеби: Ресторан куруу максатында паркты бузуу. 
  • Аягында: Тарап кетишти.

27) 28.02.22

Локация: Баку, Масазыр кыштакчасы.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: нааразычылык акциясы.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 60 адам
  • Катышуучулардын негизги курамы: кыштакчанын тургундары, качкындар. 
  • Себеби: Мектептин директорун кызматтан алуу. 
  • Аягында: Тарап кетишти.

28) 28.02.22

Болгон жери: Баку, Өкмөт үйүнүн имаратынын алдында (Азербайжан мелиоративдик жана суу чарбачылыгы компаниясы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: нааразычылык акциясы.
  • Катышуучулардын саны: 3.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Кюрдамир р., Гарасу айылынын тургундары. 
  • Себеби: Гарасудагы суу менен камсыздоо маселелери, анын айынан аграрийлердин жер участокторун сугара албай калышы.

29) 28.02.22

Болгон жери: Баку, Башкы прокуратуранын иматарынны алдында

  • Нааразычылык акциясынын формасы: нааразычылык акциясы.
  • Катышуучулардын саны: 3.
  • Катышуучулардын негизги курамы: ветеран жана анын жакындары. 
  • Себеби: Сабунчинск районунун Прокуратурасынын 2022-жылдын 11-январында ветерандын токмоктолушу боюнча ишти териштирүүгө шалаакы мамилеси (ветеранды жана анын акесинин 8 полиция кызматкери тарабынан токмоктолушу).
  • Аягында: Прокуратурада кабыл алынган. 

РАЙОНДОР

1) 06.02.22

Болгон жери: Евлах, Чобанкара

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 16 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: айыл тургундары.
  • Себеби: жайыт жерлеринин ээлениши, начар жол инфраструктурасы, ошондой эле айылдарда мектептердин жоктугу.
  • Талап: бийликтен айыл маселелерин чечүүнү талап кылышууда.
  • Аягында: тарап кетишти.

2) 08.02.22

Болгон жери: Геранбой 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: видео аркылуу кайрылуу
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Карабах согушунун II катышуучусу.
  • Себеби: медаль түрүндөгү сыйлыктын жоктугу, айыгууга жардам көрсөтүлбөшү.

3) 09.02.22

Болгон жери: Гедабек (Инекбоган и Керимли)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 20 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: район тургундары.
  • Себеби: райондун газ менен камсыздалбашы, ошондой эле райондун Аткаруучу бийлигинин жана Азеригаз филиалынын бул жүйө боюнча аракетсиздиги.
  • Аягында: тарап кетишти.

4) 09.02.22

Болгон жери: Сальян (Жашылдандыруу башкармалыгы имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: өзүн өзү өрттөө.
  • Катышуучулардын саны: 1 адам.
  • Себеби: иштеген күнгө азыраак акы төлөнүшү. 
  • Аягында: ооруканага жеткирилди. 

5) 09.02.22 

Болгон жери: Геранбой (Райондук Аткаруучу бийлигинин имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: өзүн өзү өрттөө.
  • Катышуучулардын саны: 1 адам.
  • Себеби: Оор жашоо шарттары жана материалдык абал, майыптык тобун дайындоодогу кыйынчылыктар жана ал маселелерди райондун аткаруучу бийлигинин башчысы жана Калкты социалдык коргоо жана эмгек министрлигинин этибарга албашы.
  • Аягында: ооруканага жеткирилди. 

6) 13.02.22 

Болгон жери: Ширван (Нефтчиляр көчөсү)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: 13 адам.
  • Себеби: Инфраструктура маселелери (канализациялардын ачык люктары), тийиштүү структуралардын аракетсиздиги. 
  • Аягында: ооруканага жеткирилди. 

7) 13.02.22 

Болгон жери: Биласувар (Аткаруучу бийликтин имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Себеби:Райондун аткаруучу бийлигинин шалаакылыгы, оор жашоо шарттары, оор материалдык абал. 
  • Талаптар: Аткаруучу бийликтин башчысы менен жолугушуу.

8) 28.02.22

Болгон жери: Джалилабад

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1.
  • Себеби: Жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик агенттиктеги, Борбордук мамлекеттик ооруканадагы коррупция, ошондой эле райондун Аткаруучу бийлик башчысынын шалаакылыгы жана коррупциялык аракеттер.
Казакстан

1) 01.02.22

Болгон жери: Шымкент (прокуратуранын имараты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: плакат менен кармалгандардын талаптары
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 10 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: январь окуяларында кармалгандардын туугандары. 
  • Себеби: активисттерди кармоо.
  • Жүйө: активисттердин себепсиз кармалышы, аларга олуттуу айыптардын тагылышы.
  • Талаптар:
    -жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү;
    -кармалгандарды кыйноо жана укук бузуу аракеттерин токтотуу.

2) 01.02.22

Болгон жери: Алматы (шаардык прокуратура)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: коопсуздук органдарына чакырык менен коштолгон нааразычылык акциясы.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: январь окуяларында кармалгандардын туугандары.
  • Себеби: кармалгандардын кыйноого алынышы.
  • Талаптар:
    — адамдарды ооруканаларга которуу же дарылануу үчүн үйлөрүнө жөнөтүү;
    — негизсиз кармалгандарды бошотуу жана кыйноолорду токтотуу чакырыктары;
    — адилеттүү териштирүү менен камсыздоо жана тынч жарандарга оор беренелер боюнча иш козгобоо тууралуу чакырыктар.

3)  01.02.22

Болгон жери: Актау (Мангистауск обласунун акимиатынын имаратында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: массалык чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам (аялдар).
  • Катышуучулардын жалпы саны: көп балалуу аялдардын, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды тарбиялап жаткан ата-энелердин жана майыптардын тобу.
  • Себеби: Бийликтин ижарага берген жайларды менчиктештирүүдөн баш тартышы.
  • Аягында: министрдин кеңешчиси менен сүйлөшкөндөн кийин тарап кетишкен.

4) 03.02.22 

Болгон жери: Жанаозен ( акимиат имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: видео аркылуу кайрылуу
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: жумушсуздар.
  • Күч колдонуу: Нааразычылык билдирүүчүлөрдүн жана сакчылардын ортосунда тирешүү болгон. Ошондой эле полиция дагы болгон. Күч колдонуу фактылары байкалган жок. 
  • Талаптар: мунай газ чөйрөсүнө бардык жумушсуздарды ишке орноштуруу.

5) 05.02.22

Болгон жери: Алматы (Илимдер академиясынын имаратынын аянты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: келишилген митинг.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам .
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жанаозен тургундары.
  • Талаптары:
    — акимдерди түз шайлоо талап кылынган;
    — Токаевди кызматтан кетирүү тууралуу лозунгдар;
    — политикалык реформаларды өзгөртүү.

6) 05.02.22

Болгон жери: Жанаозен (шаар акимиатында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам .
  • Катышуучулардын негизги курамы: Жанаозен тургундары.
  • Требования: мунай трамагында туруктуу иш менен камсыздоо.
  • Жыйынтык: 24-февралга чейин маселелерди чечүү шарттары менен тарап кетишкен.

7) 07.02.22


Болгон жери: Мангистау (МАЭК-Казатомпром имаратында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам 
  • Катышуучулардын негизги курамы: энергокомбинаттын жумушчулары.
  • Талаптар: айлыктарды 50-70% көтөрүү; эмгек шарттарын жакшыртуу.

8) 07.02.22

Болгон жери: Нур-Султан (өкмөт имаратынынын жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: бир адам катышкан пикет.
  • Катышуучулардын саны: 1 адам (эркек-пенсионер).
  • Катышуучулардын негизги курамы: пенсионер.
  • Талабы: Казакстандын борборуна Акмол аталышын кайтаруу; өлкөдө реалдуу реформаларга чакыруу.

9) 08.02.22

Болгон жери: Алматы (Кытай консулдугунун имаратынан алыс эмес жерде)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Синьцзянда жоголгон/күч менен кармалган адамдардын туугандары.
  • Себеби: диний тажрыйбадан улам туугандардын Синьзяндагы «кайра тарбиялоо ларегине» жөнөтүлүшү
  • Аягында:  акциянын айрым катышуучуларын кармалгандан кийин тарап кетишкен.

10) 09.02.22

Болгон жери: Жанаозен (автобекет)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 400-500 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Бургылау мунай кызмат компаниясынны жумушчулары.
  • Себеби: мөөнөттөн ашык иштер үчүн төлөп берүү, эмгек шарттарын жакшыртуу талаптары. 
  • Аягында: тарап кетишкен.

11) 09.02.22

Болгон жери: Актау (облустук акимиаттын имаратынын алдындагы жолду жабуу)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 30 адам (аялдар).
  • Катышуучулардын негизги курамы: майып балдарын тарбиялап жаткан энелердин тобу.
  • Себеби: турак-жай маселесин чечүү талаптары.
  • Аягында: түндөсү тарап кетишкен.

12) 10.02.22

Болгон жери: Актөбе (QazServiceGroup компаниясынын кеңсесинин жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 180 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: компаниянын газ көзөмөлдөөчүлөрү.
  • Талаптары: айлык акыны 100% көтөрүү;
  • Аягында: Актөбеде 200 адам чогулабыз деп тарап кетишкен.

13) 11.02.22

Болгон жери: Мангистауск облусу, Сайотес айылы.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: видео аркылуу кайрылуу.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: компаниялардын жумушчулары, темир жол мекемелери ПЧ-12.
  • Себеби: начар эмгек шарттары, айлыктын аздыгы, сапатсыз кийимден улам жумушчулардын ден соолугунун начарлашы.
  • Талаптар:  айлыктардын жогорулашы.

14) 13.02.22

Болгон жери: Алматы (Көз карандысыздык монументи — Республиканын аянты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: бийликтегилер санкциялабаган аза күтүү акциясы.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: саясий активисттер, январь айында өлгөн жана кармалгандардын туугандары.
  • Талаптары:
    — Кандуу январды көз карандысыз териштирүү;
    — кыйноо жана басмырлоолорду, көрсөтмөлөрдү кыйнап алууну токтотуу;
    — мыйзамсыз кармалгандарды бошотуу.

15) 13.02.22 

Болгон жери: Жанаозен (полиция башкармалыгынын имаратынын жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 10 адам. 
  • Себеби: активистканын кармалышы
  • Талаптары: активистка Жадыра Досекееваны, мекеменин мунайчыларынын иш таштоо лидери Бургылау Бауыржан Абубакировду бошотуу.

16) 13.02.22

Болгон жери: Актөбе (Нурдаулет мечити)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш
  • Катышуучулардын негизги курамы: активисттер.
  • Себеби: январь окуяларында коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалгандарга кысым көрсөтүлүшү

17) 14.02.22

Болгон жери: Жанаозен

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучуларды негизги курамы: FTC WIN компаниясынын жумушчулары.
  • Талаптары: мунай-газ тармагында жумушка орноштуруу мораторийин жокко чыгаруу.

18) 15.02.22

Болгон жери: Актобе

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: тез жардам станциясынын айдоочулары.
  • Себеби: айлык акыларды жогорулатуу талабы.
  • Аягында: маселелерди 10 күндүн ичинде чечүү шарты менен тарап кетишкен.

19) 15.02.22

Болгон жери: Актөбе (депо)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо
  • Катышуучулардын саны: 50дөн ашык адам .
  • Катышуучулардын негизги курамы: АГМ Табыс вагон ремонт мекемесинин жумушчулары.
  • Талаптар: айлык акыны жогорулатуу.

20) 15.02.22

Болгон жери: Жанаозен (автобекеттин аймагы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо/ ишти токтотуу.
  • Катышуучулардын саны: 100дөн ашык адам .
  • Катышуучулардын негизги курамы: Озенмунайгаз компаниясынын мунайчылары.
  • Талаптары: айлык акыларды жогорулатуу, январь окуяларында кармалгандарды дароо бошотуу жана токтотуу.

21) 15.02.22

Болгон жери: Алматы («Тәуелсіздік таңы» монументи («Эркиндиктин таңы»), Республика аянтынын жанында) 

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жалгыз пикет.
  • Катышуучулардын негизги курамы: активист.
  • Себеби: начар жумуш шарттары, кымбат жашоо, моббинг.
  • Талаптар: репрессия жана кыйноолорду токтотуу.

22) 15.02.22

Болгон жери: Жанаозен

  • Наарызылык ациясынын формасы: видео аркылуу кайрылуу.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: FTC WIN мекемесинин кызматкерлери.
  • Талаптар: мунай тармагына жумушка кабыл алуу мораторийин жокко чыгаруу.

23) 16.02.22

Болго жери: Алматы (шаардык прокуратуранын имаратынын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын  негизги курамы: кармалган активисттин туугандары.
  • Талаптар: январь окуясында кармалган активис Дархан Уалиевди бошотуу.

24) 16.02.22

Болгон жери: Каламкас, Мангистауск облусу.

  • Нааразычылык акциясынын формасы: иш таштоо/ ишти токтотуу.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Актаукрантехсервис транспорттук компаниясынын кызматкерлери.
  • Себеби: айлыктын аздыгы
  • Талаптар: айлык акыны көбөйтүү.

25) 19.02.22

Болгон жери: Нур-Султан  (курулуш аянты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын негизги курамы: жумушчу крановщиктер.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 30 адам.
  • Себеби: крановщик менен болгон өзгөчө кырдаалды коомдон жашыруу аракетинен коркуу, айлык акынын аздыгы, курулуш аянттарында коопсуздук техникасынын сакталбашы.

26) 20. 02. 22

Болгон жери: Шымкент (Дендропарктын алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын негизги курамы: январдагы кармоо учурунда өлгөндөрдүн туугандары.
  • Катышуучулардын саны: аныкталган жок.
  • Талаптар: январь окуясында өлгөн жана кармалгандардын иштерин адилеттүү териштирүү.

 27) 21. 02. 22

Болгон жери: Уральск (Батыш-Казакстан облусунун облустук сотунун имараты.)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: бир адам катышкан пикет.
  • Причина: соттук тутумда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо, соттук чечимдердин объективдүү эместиги

28) 21.02.22

Болгон жери: Шымкент (шаардык прокуратуранын имараты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын негизги курамы: январь окуяларында кармалгандардын туугандары.
  • Талаптар: кармалгандарга коюлган айыптарды жоюу же аларди административдик укук бузуу иштерине алмаштыруу.

29) 24.02.22

Болгон жери: Усть-Каменогорск (облустук прокуратуранын чогулуш өткөрүлүүчү залы)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 20-30 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: январь окуяларында кармалгандардын туугандары.
  • Талаптар: январь окуяларын териштирүү боюнча көз карандысыз комиссия, облустук прокуратуранын чогулуш өткөрүлүүчү залында байланышты өчүрүү.

30) 24.02.22

Болгон жери: Алматы (Россия консулдугунун имараты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 10 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: активисттер.
  • Себеби: Россиянын Украинага карата саясатына жана согуштук аракеттерине нааразычылык
  • Аягында: полиция кармап, автозакка жайгаштырышты.

31) 25.02.22

Болгон жери: Сузак району

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг. 
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Волковгеология мекемесинин жумушчулары.
  • Себеби: Баалардын өсүшү.
  • Талаптар: эмгек акыны жогорулатуу.
  • Аягында: күч колдонуу менен кармоолор 

32) 25.02.22

Болгон жери: Алматы (россия консулдугунун жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг
  • Катышууулардын саны: аныкталган жок.
  • Катышуучулардын негизги курамы: активисттер.
  • Себеби Россиядагы согуштук аракеттерге каршы 

33) 26.02.22

Болгон жери: Алматы (Илимдер академиясынын имаратынын аянты)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Алматынын Таза аба экологиялык кыймылы
  • Себеби: абанын кирдеши.

34) 26.02.22

Болгон жери: Алматы (украиналык поэт Т. Шевченконун эстелигинин жанында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: 20-30 адам. 
  • Катышуучулардын негизги курамы: шаар тургундары.
  • Себеби: Россия жана Украинадагы согуштук аракеттерге каршы.

35) 27.02.22

Болгон жери: Алматы (аянт)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: санкцияланбаган митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 100 адам
  • Катышуучулардын негизги курамы:  Ел тiрегi партиясынын демилгечи тобу.
  • Талаптары:
    -бардык саясий партияларды каттоо;
    — партиялык атаандаштыкты камсыздоо;
    — январь окуясында кармалгандарды кыйноого алууну токтотуу;
    — казактардын биримдиги.
Кыргызстан

1) 04.02.22

Болгон жери: Бишкек (Суюмбаев жана Токтогул көчөсүнүн кесилиши)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: митинг.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 50 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: үй тургундары.
  • Талаптар: көпчүлүк бөлүгүндө экинчи жана үчүнчү муундагылар жашап жаткан үйлөрдү жана участокторду мыйзамдаштыруу.

2) 05.02.22

Болгон жери: Бишкек (Саламаттык сактоо министрлигинин имаратында, андан кийин каршы жактагы паркка өтүшкөн)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: жүрүш
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 200 адам.
  • Катышуучулардын негизги курамы: Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары
  • Талаптар:
    — саламаттык министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү;
    -медициналык мекемени жайына коюуну жана министрдин сөздөрүндө трайбализмге жол бербөөнү суранышкан.

3) 09.02.22

Болгон жери: Бишкек (Kaktus.media жана Kloop.kg имараттарынын кеңселеринин алдында)

  • Нааразычылык акциясынын формасы: чогулуш.
  • Катышуучулардын саны: болжол менен 10 адам.
  • Себептер: ММКга каршылык жана сөз эркиндигин коргоо чакырыктары.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *