Гео-экономикалык жана экономикалык кызматташтык, Кытайдын Борбордук Азия жана Түштүк Кавказдагы түрк өлкөлөрү менен глобалдык транспорттук долбоорлору жана алардын айрымдары менен жалпы чек аралары аларга кытайлык массалык маалымат каражаттарынын активдүү кызыгуусун түшүндүрөт. Андан тышкары, ККПнын долбоорлору ишке ашырылып жаткан аймактарда стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталганы бул кызыкчылыкты толуктайт.
Февраль айынын алгачкы 15 күнүндө эле Кытайдын маалымат каражаттары Борбор Азия өлкөлөрү жана таң калыштуусу, Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн бири – Азербайжан боюнча 38 макала жарыялашкан. Борбор Азия тууралуу макалалардын көпчүлүгү негизинен Кытай менен эки тараптуу кызматташууга арналган. Азербайжан боюнча материалдар негизинен Азербайжандын өкмөт өкүлдөрү, анын ичинде Азербайжандын Кытайдагы элчиси Акрам Зейналлы менен болгон маектерден турат. Көбүрөөк көңүл бурулган бир нече темаларды баса көрсөтсө болот:
- Пекинде Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүү жана Кытайдагы оюндарды уюштурууга мамлекеттердин мамилеси;
- Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык;
- «Бир алкак-бир жол» демилгесинин алкагында кызматташуу;
- Казакстандагы январь окуялары.
- Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы;
Белгилей кете турган нерсе, Шинжаң аналитикалык жана маалымат борбору 7 материалдын автору.
Ар бир өлкө боюнча материалдардын саны:
- Казакстан – 14;
- Азербайжан – 10;
- Түркмөнстан – 4;
- Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү – 4.
- Өзбекстан – 3;
- Тажикстан – 2;
- Кыргызстан– 1.
НЕГИЗГИСИ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА
1) Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн мааниси
Материалдар Кытайдагы Олимпиада оюндарын уюштурууга өлкөлөрдүн оң мамилесине басым жасады. Кытайдагы Азербайжандын элчиси болсо, азербайжандык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышуусуна токтолуп, кытай тараптын жасаган иштерин жогору баалады.
«Мен Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын объектилерин кыдырып чыктым жана Кышкы Олимпиада оюндарынын инфраструктурасын курууда кытай тараптын көрүнүктүү жетишкендиктерин өз көзүм менен көрдүм. Кытайдын кышкы Олимпиадага даярдыгы бардык тараптан жогору бааланышы керек. Кышкы Олимпиада оюндары жогорку деңгээлдеги спорттук иш-чара болуп, Кытай дагы бир жылды ийгиликтүү өткөрөт деп ишенем”, деди Азербайжандын Кытайдагы элчиси Акрам Зейналлы .
2) Казакстандагы январь окуялары жөнүндөгү тема боюнча көп сандагы материалдар
Казакстан өзүнүн географиялык абалына байланыштуу Борбордук Азиядагы Кытайды эң көп кызыктырган мамлекеттердин бири. Кытайлык жаңылыктар порталдарынын Казакстанда болуп жаткан окуяларга ушунчалык чоң кызыгуусу мына ушунда. Январь окуялары да четте калган жок. Материалдардын көбү бул темада жарыяланган. Ал эми бул мезгилде Казакстан боюнча дээрлик бардык материалдар тигил же бул жагынан ушул тема козголгон. Фудан университетинин эмгек сиңирген профессору, Кытай институтунун директору жана Чунциу өнүктүрүү стратегиясы институтунун илимий кызматкери Чжан Вэйвэй менен Фудан университетинин Кытай таануу институтунун чакырылган илимий кызматкери, Шанхай коомдук илимдер академиясынын дин таануу бөлүмүнүн директору Цю Вэньпиндин билдирүүлөрү көңүлдү бурушат:
«Бир караганда», Казакстандагы баш аламандыктарга газдын кымбатташы жана Казакстанда топтолуп калган айрым көйгөйлөр, анын ичинде байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым, расмий коррупция, жумушсуздук, инфляция, ж. б., тополоңдон кийин “түстүү революциянын” бир нече белгилери пайда болгон. «Эки миллионго жетпеген калкы бар Алматы шаарында эле 20 000 куралдуу тополоңчулардын болушу, анын ичинде чет өлкөдөн келген көптөгөн террористтер ж. б. у. с бул алдын ала ойлонулган жана даярдалган диверсиялык операция болгонун ачык көрсөтүп турат» .
3) Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү жана Азербайжан менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү пландары
Материалдардын басымдуу бөлүгүндө Кытайдын Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелеринин өнүгүшү тууралуу сөз болот. «Бир алкак-бир жол» долбоорунун алкагында кызматташууга басым жасалууда. Ошондой эле быйыл Кытайдын бул өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толгону белгиленээри жана бул жагдай ар түрдүү тармактардагы мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө негиз болуп жатканы белгиленген.
«Кытай менен Борбордук Азиянын мындан аркы кызматташуусунун жолдору тууралуу айтып жатып, Соода министрлигинин Евразия илимий-изилдөө институтунун директору Лю Хуацин үч сунуш киргизди:
- кызматташуу үчүн бекем укуктук негиз түзүү, кош салык салуу келишимдерин болтурбоо
- Кытай-Европа поезд кыймылын жеңилдетүү, портту өзгөртүү потенциалын жогорулатуу жана бажы жагынан жол-жоболоштурууну жеңилдетүү
- айыл чарба, медицина жана реабилитация, жашылдандыруу, электрондук коммерция жана жергиликтүү кызматташуу боюнча кызматташтыкты тереңдетүү».