Ирандын массалык маалымат каражаттары коңшу өлкөлөрдө жана Борбор Азияда болуп жаткан окуяларды кеңири чагылдырууда. Буга Ирандын аймактагы кызыкчылыктары себеп болууда. Белгилей кете турган нерсе, аймак чакан жана орто бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жагынан Иран үчүн кызыктуу. Түркия, Азербайжан, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө жеке сектордун ИДӨдөгү үлүшү 75% дан, Казакстанда 65% дан ашты. Өз кезегинде Түркмөнстанда жана Өзбекстанда мамлекеттик компаниялардын позициялары кыйла күчтүү.
Мусулман өлкөлөрүнүн арасында да, башка дүйнөлүк державалардын арасында да Иран алдыңкы ролду алууга умтулуп жатканы кеңири белгилүү. Муну 2000-жылдардын ортосунда өлкөнүн ошол кездеги лидери Хаменеи кол койгон өлкөнү өнүктүрүү планы ырастайт.
Мунун баары ирандык жаңылыктар порталдарынын көрсөтүлгөн өлкөлөргө ушунчалык жогорку кызыгуусунун себеби болуп эсептелет. Февраль айынын биринчи жарымында ирандык маалымат каражаттары Борбор Азия өлкөлөрү, Түркия жана Азербайжан боюнча 106 материалды жарыялады.
ИРАН БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ
Борбордук Азия өлкөлөрү өздөрүнүн бай жаратылыш ресурстарын эске алуу менен Ирандын бул чөлкөмгө экономикалык кызыгуусунун себеби болуп саналат. Бул жерде мунайдын дүйнөлүк запастарынын 4%га чейинкиси жана жаратылыш газынын дээрлик 7%ы топтолгон. Казакстан темир рудасынын запастарына бай, Борбордук Азия өлкөлөрү түстүү жана баалуу металлдарга бай, алар тышкы изоляцияны чыңдоо жана өлкөнүн алтын запастарын толуктоо перспективасынан улам Иранды өзгөчө кызыктырат. Мына ушундан улам Иран Борбор Азиядагы өз кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн активдүү күрөшүп жатат.
Борбордук Азия темасы Ирандын маалымат каражаттарында жогорудагы өлкөлөргө салыштырмалуу кеңири талкууланбайт. Ошондо, аталган мезгилдин ичинде Борбордук Азия боюнча 21 материал жарык көргөн. Эң көп макала (12) Казакстандагы январь окуялары тууралуу сөз кылат. 2 материал аналитикалык борборлор тарабынан жарыяланган.
Ирандын ММКтары Казакстанда болуп жаткан окуяларды АКШ «каржылоодо» деген пикирде. Бул окуялар бир ооздон «түстүү революция» деп аталат.
«АКШнын көз карашы боюнча, Казакстанда түстүү революция болушу керек, анткени азыркы бийлик Россиянын союздашы, ал эми АКШ азыр Москвага каршы жаңы кансыз согушту жүргүзүп, ал Орусиянын орбитасындагы мамлекеттерге кирип кетүүгө аракет кылып жатат.АКШнын Казакстанга кийлигишүүсүнүн негизги далили катары Вашингтондун лидерлеринин Орусияны Казакстандын иштерине кийлигишип жатат деп айыптаган айрым билдирүүлөрү саналат. 2020-жылы Америка Кошмо Штаттары Демократияга Улуттук жардам (NED) аркылуу Казакстандагы жарандык коом топторуна 1 миллион доллардан ашык кайрымдуулук кылганы да чындык (2021-жылга карата маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү эмес).
Бирок, авторлордун айтымында, Казакстандагы нааразылык акциялары ийгиликсиз болгонуна карабастан, чет элдик элементтер баш аламандыктарды пландоо иштерин улантуу боюнча иштеп жатышы мүмкүн.
Иран үчүн Каспий чөлкөмү коопсуздук жана экономикалык потенциал жагынан чоң мааниге ээ экенин эске алганда, Ирандын Казакстанда да, жалпы региондо да бекем туруктуулугуна болгон кызыкчылыгына басым жасалат.
ИРАН ТҮРКИЯ ЖӨНҮНДӨ
Иран маалымат каражаттары Түркиянын ички жана тышкы саясатына байланыштуу окуяларды чагылдыышат. Мунун себеби, энергетика, соода жана башка тармактарда Түркия менен Ирандын кызыкчылыктары дал келгени менен шартталат. Түркиянын Иран менен мамилеси Орусия менен болгон мамилеге окшош – бир жагынан өлкөлөр кызматташат, экинчи жагынан таасир талашышат.
Мунун баары ирандык ММК нын Түркияга болгон жогорку кызыгуусунун себебин жаратат. Февраль айынын алгачкы эки жумасында Ирандын негизги жаңылыктар медиа- платформаларында Түркия тууралуу 31 макала жарыяланды. Материалдар көбүнчө нейтралдуу-маалыматтык мүнөздө болгон. Бул материалдардын көбүндө төмөнкү темаларга басым жасалган:
- Орусия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуудагы Түркиянын ортомчулук ролу;
- Дүйнө жүзүндөгү чыр-чатактардагы түрктөрдүн учкучсуз учактарынын ролу;
- Түркия менен Израилдин ортосундагы мамилелерди калыбына келиши;
- Түркиядагы энергетикалык кризис;
- Түркия менен Орусиянын ортосундагы ыңгайсыз мамилелер;
- Эрдогандын жана анын партиясынын рейтингинин алсызданышы.
Кошумчалай турган нерсе, 4 материалдын автору İranian Diplomacy мээ трести. Порталда Түркия тууралуу терс маанайдагы макалалар жарыяланганы көңүлдү бурууда. Жалпысынан, көрсөтүлгөн мөөнөттө терс маанайда жазылган 5 материалдын 4 өөсү дал ушул портал тарабынан жарыяланган.
НЕГИЗГИ ЖЫЙЫНТЫКТАР
1) Түркия менен Израилдин ортосундагы мамилелердин нормалдашуусуна Ирандын терс мамилеси
Материалдарда иран тараптын түрк-израилдик мамилелеринин калыбына келишине терс мамилеси байкалат. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатакты эске алганда, бул күтүлгөн эле нерсе.
Түркиялык изилдөөчү жана жазуучу Моин Наим менен The National Gazette гезитине берген маегинде ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин нормалдашуусу тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
«Биздин үмүтүбүз чоң. Түркия – аймактагы эң чоң жоопкерчиликти сезе турган өлкө. Түркия буга чейин эле Палестинаны колдойт, бирок ал андан да көптү жасай алат».
Моин Наим өлкөлөр ортосундагы сионисттик режим менен мамилелердин нормалдашуусу бул өлкөлөрдүн тургундарынын да Израилге карата нормалдуу жана оң мамиледе болушуна алып келбейт деп эсептейт. Аймактык өкмөттөр менен Израилдин ортосундагы мамилелер канчалык нормалдуу болуп калбасын, эл баары бир мамилелердин калыбына келишине каршы болот деп эсептейт.
2) Орусия-Украина мамилелерин жөнгө салууда Түркиянын ортомчу ролу
Ирандын ММК тары бул теманы кеңири чагылдырууда. Украин кризиси Түркиянын энергетикалык коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн деген божомолдор бар. Белгилүү болгондой, ОрусияТүркияга эң көп, андан кийин гана Азербайжанга жана Иранга газ жеткирүүчү болуп эсе6птелет. Эксперттер энергетикалык кризистин кесепеттери Түркиянын айыл-чарбасына жана туризмине таасирин тийгизерин эскертишүүдө. Маселен, Россиянын илимий-изилдөө институтунун директору Салех Йылмаз улутчул оппозициялык Suzko гезитине берген маегинде мындай деп билдирди:
«Согуш боло турган болсо Орусиянын негизги киреше булагы болгон «Түрк агымы» жана «Көгүлтүр агым» газ түтүктөрүнө кол салуу болушу мүмкүн».
Ошондой эле түрктөрдүн учкучсуз учактарынын дүйнөлүк кагылышуулардагы, өзгөчө Украина кризисиндеги ролуна көңүл бурулууда. Украина тарапка түрктөрдүн учкучсуз учактарын сатуу боюнча Орусиянын нааразычылыгына басым жасалды.
«Өткөн жылдын октябрь айында украин аскерлери Түркияда жасалган учкучсуз учак орусиячыл жикчилдерге таандык аскердик техниканы (D-30 гаубицасы) жок кылгандыгы тартылган видеону жарыялашкан. Бул окуя Орусиянын сынына кабылып, Кремль Түркияга анын учкучсуз учактары «аймакты кооптуу кылып жатат» деп эскертти.
Белгилей кетчү нерсе, Украина Түркия үчүн эки тараптуу түз кызыкчылыктарды сактоо үчүн жөн гана координациялык борбор эмес. Бул маанилүү бурулуш жана борбор болуп эсептелет, эгер ал Орусия менен Батыштын ортосундагы тирешүү жана кагылышуу талаасына айланса, Түркия бир нече себептерден жапа чегиши мүмкүн. Tasnimnews жаңылыктар порталы кагылышуунун Түркияга тийгизген терс таасири тууралуу кызыктуу бир теорияны сунуштады:
«Түркия төмөнкү себептерден улам жабыркайт:
- Украина менен соодада чоң экономикалык пайданы жоготуу;
- Түркиянын Кара деңиздеги газ өндүрүүдөгү иш-аракеттеринин кооптуулугу;
- Орус газын Европага өткөрүү үчүн мейкиндиктин ишенимсиздиги жана Түркиянын газ транзитинен түшкөн кирешеден ажыратылышы».
Крым татарларынын көйгөйү Түркия менен Украинанын ортосундагы карым-катнаштарды бекемдөө жана өнүктүрүүдөгү эң маанилүү факторлордун бири. Түркиянын Орусияга каршы акыркы жылдардагы эң батыл кадамы Орусия менен саясий, экономикалык жана коргонуу алакалары өнүгүп жатканына карабай Крымды Украинанын бир бөлүгү деп жарыялоо жана татарларды колдоо болду деп ишенимдүү айтса болот.
ИРАН АЗЕРБАЙЖАН ЖӨНҮНДӨ
Иранда (калкы 82 миллион) азербайжан жамааты 15 миллион кишиден турат. Бул Иран Ислам Республикасынын калкынын болжол менен 16% түзөт. Социалдык жактан алганда, Ирандагы маанилүү этникалык жана улуттук жамаат болгон мусулман азербайжандары Иран коомундагы таасирдүү топ болуп эсептелет. Бул Ирандын Азербайжан менен түрдүү тармактарда кызматташууга кызыгуусун шарттайт.
1-15-февраль аралыгында Ирандын маалымат каражаттарында Азербайжан боюнча 54 материал жарыяланган. Кызыктуусу, алардын 11и жактырган маанайда болсо, ал эми 3 өө гана – терс. 7 материал аналитикалык борборлордун жана/же мээ тресттердин беттеринде жарыяланган.
Камтылган темалардын ичинен эң чоң басым төмөндөгүлөргө жасалат:
- Иран менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү;
- Зангезур коридорунун аймактагы ролу;
- Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар;
- Согуштан кийинки мезгил (Азербайжан менен Армениянын ортосундагы 44 күндүк согуш) / Согуштун жыйынтыктарынын коңшу өлкөлөргө тийгизген таасири;
- Ирандын Азербайжандан транзиттик көз карандылыгын азайтуу.
НЕГИЗГИ ЖЫЙЫНТЫКТАР
1) Азербайжанды маанилүү аймактык өнөктөш катары көрсөткөн көп сандагы контенттер
Материалдарда аятолла Ибрагим Раиси башчылык кылган Ирандын жаңы өкмөтү менен Азербайжандын өкмөтү экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтууге чечкиндүү экендиктери баса белгиленет. Тараптардын өз ара позитивдүү маанайы байкалат. Буга эки өлкөнүн элчилеринин билдирүүлөрүн мисал келтирсе болот.
Азербайжандын Ирандагы элчиси Али Ализаде эки тараптуу кызматташтыкка баа берип жатып мындай деди:
«Эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүүгө эч кандай тоскоолдуктар жок жана кызматташтыкты кеңейтүү үчүн, өзгөчө энергетика тармагында абдан жакшы перспективалар ачылып жатат».
Өз кезегинде Ирандын Азербайжандагы элчиси Сейед Аббас Мусави да ушул эле темада сүйлөп, Иран менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамилелерде жакшы секирик жана кызматташтык байкалганын айтты.
Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорунун долбоору Тегеран менен Бакунун эң маанилүү экономикалык долбоорлорунун бири болуп саналарын жана бул коридордун бүтүрүлүшү жана Решт линиясынын Астара темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосунда жүк ташуунун жана транзиттин өсүшүнө олуттуу түрткү берерин билдирди.
2) Ирандын Зангезур коридору долбоорун ишке ашырууга кызыкчылыгы
Зангезур Түркияны, Түштүк Кавказды жана Борбордук Азияны бириктирген Борбордук коридордун маанилүү бөлүгү болуп саналат, ошондой эле Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Иран бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Жакынкы арада Жулфа аркылуу өтүүчү темир жолду реконструкциялоо маселеси талкууланат. Ошентип, Иран Түштүк Кавказ өлкөлөрү менен темир жол байланышын калыбына келтирет.
You’re so awesome! I do not suppose I’ve read anything like that before. So great to discover another person with a few unique thoughts on this subject matter. Seriously.. thank you for starting this up. This web site is something that is needed on the internet, someone with a little originality!
May I simply just say what a relief to uncover an individual who really understands what they are discussing on the web. You certainly know how to bring a problem to light and make it important. A lot more people ought to check this out and understand this side of the story. I can’t believe you are not more popular because you certainly have the gift.
I must thank you for the efforts you have put in penning this blog. I really hope to view the same high-grade content from you in the future as well. In fact, your creative writing abilities has motivated me to get my own site now 😉