«Армяндар өздөрүнүн ырайымсыздыгын актап, Фергананын бүткүл мусулман калкы өлтүрүлсө дагы, Түркиядагы мусулмандар армяндарды кыргандан көп өлүк болбойт дешти».
Армян аскерлери Борбор Азияда биринчи жолу эмес. Мындан жүз жылдан бир аз ашык убакыт мурда «Дашнакцутюн» улутчул партиясы тарабынан түзүлгөн Кызыл Армиянын армян бөлүктөрү азыркы Өзбекстандын жана Кыргызстандын территорияларында Совет бийлигинин негизги тиреги болгон. Документалдуу далилдер жана заманбап изилдөөлөрдөн көрүнүп тургандай, бул аскерий түзүмдөр түпкүлүктүү калкты кыруу, зордуктоо жана талап-тоноолорду ишке ашырышкан. Алардын негизги курмандыктары сарттар, башкача айтканда, өзбектер, өзгөчө Фергана аймагындагылар болгон. Кокондо эле 1918-жылдын февраль айында негизинен армян согушчандарынын колунан кеминде 3000 мусулман өлтүрүлгөн.
Италиялык тарыхчы Буттино 2007-жылы орус тилинде жарык көргөн «Тескери Төңкөрүш» деген изилдөөсүндө: «Армяндар өздөрүнүн ырайымсыздыгын актап, Фергананын бүткүл мусулман калкы өлтүрүлсө дагы, Түркиядагы мусулмандар армяндарды кыргандан көп өлүк болбойт, деп айтышты», — деп белгилейт. Ал «армяндар тарабынан жасалган репрессиялар өтө ырайымсыз болгон»,- деп кошумчалайт.
1919-жылы апрелде түрк коммунисттери «Ферганада жасалган мыкаачылыктарды» баса белгилешкен. Советтик Кыргызстандын өкмөтү чыгарган тарыхый китепчеде аймактын мусулмандары «угулуп көрбөгөндөй кордукка дуушар болушкан», — деп белгиленет
«Дашнактар өздөрүнүн коркунучтуу иштерин жасап жатышат, алар мусулман калкын угулуп көрбөгөндөй маскаралап жатышат…» — деп, Түркстан коммунисттеринин лидери Турар Рыскулов 1919-жылы сентябрда нааразы болгон .
Кадимки мисал катары армян аскерлеринин Кыргызстандын азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузакка кол салышын айтса болот. «Сузак курчоого алынып жана ок атылган». 1925-жылы Ташкентте жарык көргөн, «Революция жана түпкүлүктүү калк Туркестан» жыйнагына кирген, «Дашнактар Ферганада эмне кылган» деген документте: «Калк сыртка чыгып, дарыянын нугуна баш калкалап, ал жерде пулеметтун аткылоосуна кабылып, биротоло кырылган, андан кийин бир ай бою алардын өлүктөрүн иттер талап кетишкен»,- деп айтылат. Ушул эле документке ылайык, Коконго жакын жердеги кыштак бүт бойдон дашнактар тарабынан өрттөлгөн.
Ал эми ага чейин армян аскерлери бир жума бою эски Анжиян шаарында «тоноо, киши өлтүрүү, зордуктоо менен коштолгон» «тинтүү» жүргүзүшкөн.
1918-1919-жылдардагы Совет бийлигинин алсыздыгынан пайдаланган армян улутчулдары Орто Азиядагы позицияларын бекемдөө максатында аны менен союзга киришкен. Дашнактар большевиктердин камкордугун түрктөрдү, негизинен өзбектерди массалык түрдө жок кылуу жана талап-тоноо максатында да пайдаланышкан. «Дашнакцутюн үчүн советтик режимди колдоо биринчи кезекте анын мусулмандарга каршы маанайы менен шартталган…», — деп, 2012-жылдагы орус илимий чыгыш таануучу «Иран-Наме» журналында белгиленет.
Орто Азиядагы армян лидерлери большевиктер менен союздун туруксуздугун түшүнүшүп, альтернативалуу колдоочуларды издеп жүрүшкөн. 1918-нжи йылын июнь айында Ашгабаддын Армян комитетинин өкүлү Иранга келди. Ал жерде ал «британиялыктарга курал жана акча менен колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган». Бул өтүнүч «түрк аскерлеринин Закаспий аймагына кириши» (азыркы Түркмөнстан) коркунучу менен түшүндүрүлгөн.
Мындан жүз жыл мурун армяндар Түркияны айыптоо менен Борбор Азиядагы түрктөргө жасаган мыкаачылыктарын актап, потенциалдуу колдоочуларына кайрылышкан. Азыр кээ бир армян жана орус талдоочулары Казакстандагы башаламандыкка Түркия түрткү болду деп ырасташууда. Ошентип, алар Орто Азияга армян согуштук бирикмелеринин «кайтып келгендигин» негиздеп жатышат.