Перейти к содержанию

Тарыхый эс-тутум: Ферганадагы армян диктатурасы

Бир кылым мурунку документтер тастыктап тургандай, ал кезде Фергана облусунда армян диктатурасы болгон, жана Анжиян шаары анын борбору болуп турган. Дашнактардын чоң контингенттери Кокон, Наманган, Фергана шаарларында да болгон.

7-январдан бери Армениянын куралдуу күчтөрүнүн контингенти Казакстандын аймагында. Андан бир күн мурун Премьер-министр Никол Пашинян Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, операциянын максаты — «өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу».

Жүз жылдан бир аз ашык убакыт мурун дагы армян аскер бөлүктөрү Борбор Азияда кырдаалды «турукташтыруу» аракетин жүргүзгөн, бирок анда жаш советтик бийликтин кызыкчылыгы үчүн. Алар Кызыл Армиянын курамына кирген жана «Дашнакцутюн» армян улутчул партиясы тарабынан түзүлгөн.  Алардын региондогу негизги тиреги Фергана өрөөнү болгон.

Орус илимий чыгыш таануучу «Иран-Наме» журналында белгиленгендей, армян «согуштук дружиналары Фергана облусунун негизги шаарларындагы революциялык диктатуранын куралдуу канатын түзгөн» [1: 269].  Азыркы италиялык изилдөөчү Буттино жалпысынан Фергана аймагындагы советтик эмес, «армян диктатурасы» жөнүндө айтат [2: 280, 283].

1919-жылы май айында Түркстан Коммунисттик партиясынын мусулман уюмдарынын Биринчи Областтык Конференциясынын резолюциясында «Мусулман пролетариатынын укуктары ушунчалык тебеленген Ферганадагы кырдаал, жана алардын үстүнөн шылдыңдоо үчүн өзүнүн провокациялык ролун ойногон, улуттар аралык араздашууну ашкере күчөткөн «Дашнакцутюн» армян улуттук партиясы куралданганы..» баса белгиленген.[3:18]

Мындан бир ай мурун түрк коммунисттери партиялык чогулушта «Ферганада жасалган ээн баштыктар» жөнүндө баса белгилешкен [4:88].

«Совет бийлигинин ишенимине жана курал-жарактарына ээ болуп, Совет бийлигинин органдарына кошулуп, Фергананын бардык шаарларында өздөрүнүн улуттук партиялык штабдарын өзүнчө уюштуруп, мусулман калкын болуп кербегендей шылдыңдап, дашнактар ​​өздөрүнүн өтө жаман иштерин кылып жатышат…» — деп түрк коммунисттеринин лидери Турар Рыскулов 1919-жылы сентябрда билдирген.

Ал эми Советтик Кыргызстандын өкмөтү тарабынан жарыяланган тарыхый очеркте дашнактар ​​мусулмандарды «мурда болуп көрбөгөндөй кордошкон» деп билдирилген. [5:70].

«Армяндар тарабынан жасалган репрессиялар өтө ырайымсыз болгон» [2: 285], — деп кошумчалайт жогоруда аталган италиялык тарыхчы. Ал архивдик документтерге таянып, мындай деп билдирет: «Армяндар өздөрүнүн ырайымсыздыгын актоо максатында — «Фергананын бүткүл мусулман калкы кырылса да, Түркияда мусулмандар армяндарды өлтүргөндөй көп киши өлбөйт» — дешкен». [2:283].

Анжиян Фергана областында армян диктатурасынын борбору болгон. «Анжиянда коммунисттердин желеги астындагы улуттук армян “Дашнакцутюн” партиясы үстөмдүк кылат, жана жергиликтүү коммунисттердин партиясы менен биригип, кеңештеги негизги орундарды ээлеп, өз линиясын (улуттук) жетектеп келе жатат…» — деп 1918-жылы декабрь айында Ташкентте Түркстан Советтик Республикасынын ички жана тышкы иштер комиссариаттарынын алдындагы атайын тапшырмалардын агенти Сейдалин кабарлаган [6]. 

«1919-жылдын ортосуна чейин дашнактар ​​үстөмдүк кылган Анжиянда орнотулган революциялык диктатура аларга шаардын айланасындагы ресурстарга жол ачып берип, мусулман дыйкандарынан пахтанын жана азык-түлүктүн калдыктарын тартып алууга мүмкүндүк берген» — деп «Иран-Наме» цитаталанган басылмасында белгиленген [1 :266].

Фергана областындагы советтик жумушчулардын биринин көрсөтмөсүнө ылайык, 1919-жылы февраль айында армян аскерлери эски Анжиян шаарында бир жума бою «тоноо, өлтүрүү, зордуктоо менен коштолгон» «тинтүү» жүргүзүшкөн [4: 107].

Коңшулаш Кокондо мындан бир жыл мурун армян куралдуу түзүмдөрү Борбордук Азиядагы түрк элдеринин демократиялык негизде өз алдынча мамлекеттүүлүктү түзүүгө жасалган биринчи аракети болгон «Түркстан Мухториятын» талкалоодо башкы ролду ойногон[2:260; 5:55; 7:104; 8:107; 9:17; 10:69; 11:204].  Коконду басып алууда «бардык дүкөндөр талкаланып, мүмкүн болгондун баары кампаларга алынып, калгандары өрттөлгөн. Жана массалык түрдө кыргындар болгон», — деп бул тууралуу түрк коммунисттеринин лидери Рыскулов күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрүн келтирген[4:107].

Бул шаарда «кийинки он эки айдын ичинде куралдуу армян отряддары жергиликтүү калкка каршы аёосуз согуштун дээрлик алмаштырылгыс компоненти болуп калган».[11:204] Расмий документтер боюнча 1918-жылдын жай айларында Кокондогу армян аскер контингентинин саны 475 адамга жеткен [12:421].

1919-жылдын алгачкы айларында «дашнактар партиясынын армян дружиналары» Анжиян жана Кокондон тышкары Наманган жана Скобелев (азыркы Фергана шаары) шаарларында туруктуу негизде жайгаштырылган [3:10]. Алардын жүргүзгөн иш-аракеттери бүтүндөй Фергана аймагын камтыган.

Кадимки мисал –1919-жылы февраль айында азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад областындагы Сузакка болгон армян аскерлеринин чабуулу. Сузак курчоого алынып, аткылоого учураган. Жергиликтүү калк качып чыгып, дарыянын нугуна баш жашынышкан, бирок, ал жерде пулеметтун аткылоосуна кабылып, толугу менен жок кылынган, бир ай бою алардын өлүктөрүн иттер туш-тушка ташышкан», — деп «Дашнактар ​​Ферганада эмне кылышкан» деген документте айтылат, ал 1925-жылы Ташкентте жарык көргөн “«Революция жана Түркстандын жергиликтүү калкы» жыйнагына кирген [4:108]. Ушул эле булактын маалыматтарына ылайык, ага жакын жайгашкан Кокон-Кыштак дашнактар ​​тарабынан толугу менен өрттөлгөн.     

Мындан бир жыл мурда Кокон Советинин төрагасы армян Сааковдун жетекчилиги астында 60 армян жоокери Бачкир кыштагын талкалоого катышкан: отряд «күнөөсүз, жардамсыз дыйкандарды атып, кээ бир аялдардын жана кыздардын абийирин кордоп, алардын үй идиштерин тоноп кетишкен” [1:267; 2: 276]. 

Армян аскерлери ушундай эле операцияларды 1918-жылдын июнь айында Жалал-Абад жана Ош шаарларынын аймагында жасашкан.

Жүз жылдан кийин армян аскер бөлүктөрү Борбордук Азияга «кайтып келишти». Бул жолу тынчтык орнотуучу күчтөрү катары.

Булактар

1. Кадыбаев А.Ш. Турар Рыскуловдун «Дашнакцутюн» жана Түркстандагы орус коммунисттеринин «колониялык көз карашы» менен болгон күрөшү жөнүндө (1917-1922) // Иран-Наме (илимий чыгыш таануу журналы) №4 (24) 2012-ж.

2. Буттино М. Тескеринче революция (италиян тилинен которулган). Москва, 2007.

3. Түркстандагы Р.К.П МУСБЮРО (б.): 1, 2 жана 3 Р.К.П. Түркстан областтык конференциялары 1919-1920 жж. Туркстан мамлекеттик басмасы, Ташкент.

4. Рыскулов Т. Революция жана Түркстандын жергиликтүү калкы I бөлүк. 1917-1918. Өзбек мамлекеттик басмасы. Ташкент, 1925.

5. Ниалло Азиз. Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы революциянын жана граждандык согуштун тарыхы боюнча очерктер. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин илим комитетинин басылмасы. Фрунзе, 1941.

6.  Түркстан Советтик Республикасынын ички жана тышкыиштер комиссариаттарынын алдындагы атайын тапшырмалардын агенти С.СейдалиндинТүркстан Советтик Республикасынын Эл Комиссарлар Кеңешиндеги баяндамакаты.

7. Молчанов Л. «Түркстанда Совет өкмөтү болуп көрбөгөндөй улуттук эзүүнү орноткон» // Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин вестниги 2017, №3.

8. Түркстан ХХ кылымдын башында: улуттук көз карандысыздыктын келип чыгышынын тарыхына. Өзбекстан Республикасынын илимдер Академиясы, Тарых институту. Ташкент, 2000.

9. Козловский Е. Кызыл Армия Орто Азияда: аскердик-тарыхый очерк. Борбордук Азиянын Саясий башкармасынын басмасы. В.О. Ташкент, 1928.

10. Алексеенков П. Кокон автономиясы. Орто Азиядагы ИСТПАРТ бөлүмү. Борбордук Азиядагы партиянын жана Октябрь революциясынын тарыхын изилдөө боюнча ВКП(б) Борбордук Комитетинин бюросу. Ташкент, 1931.

11. Халид А. 1917-1922-жылдардагы Түркстан: Россиянын четиндеги бийлик үчүн күрөш // Улуу державанын трагедиясы: улуттук маселе жана Советтер Союзунун урашы. Москва, «Социалдык-саясий ой» басмасы, 2005-ж.

12. Чет элдик аскердик кийлигишүү жана Борбор Азиядагы жана Казакстандагы Жарандык согуш. Из истории Гражданской войны в СССР: документы и материалы. Казак ССР Илимдер академиясынын басмасы, Алма-Ата 1963-ж.