Перейти к содержанию

Куралчан армяндар Борбор Азияда “тартипти” орнотуп башташты

«Бардык дүкөндөр талкаланды …Кыргындар болду, » — бул жакынкы күндөрдөгү Алматыда болгон окуяларды сүрөттөө эмес, армян аскерий түзүмдөрү биздин аймакта «тартипти» орноткондугу тууралуу күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү.

7-январдан тарта Казакстандын аймагында Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү иштеп жатат. Армениянын президенти Никол Пашинян Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына бир күн мурун жазгандай, операциянын максаты “өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу”.Тарыхтын тамашасы ушунда: мындан туура 103 жыл мурун эле армян аскер түзүмдөрү Борбор Азияда “тартипти” орнотууга катышкан.

1917-жылдын октябрь-декабрь айларында большевиктер региондун негизги бөлүгүн өздөрүнүн бийлигине баш ийдиришти.

Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясы тарабынан 2000-жылы жарык көргөн илимий эмгекте («Түркстан ХХ кылымдын башында: улуттук көз карандысыздыктын келип чыгышынын тарыхы») белгиленгендей, «жергиликтүү калктын бир дагы өкүлү Түркстандын Советтик өкмөтүнүн курамына кирген эмес. Түркстан большевиктери аймактын түпкү калкынын кеминде 90% ын мусулман элдери түзгөнүнө карабастан, алардын кызыкчылыгын гана эмес, өздөрүн да такыр этибарга алышкан эмес».

Натыйжада, калктын бардык катмарларынын өкүлдөрүнөн турган жалпы мусулмандык съезд, 1917-жылдын 27-ноябрында Кокондо демократиялык негизде «аймактык автономияны» түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Борбордук Азиядагы басымдуу түрк элдеринин эгемендүү мамлекеттүүлүктү түптөө аракети биринчи жолу «Түркстан мухторияты» деп аталган.

Өзбек, казак, перс (тажик) жана орус тилдери расмий статуска ээ болгон.

Декабрь айында Түркстан автономиясын колдоо максатында Ташкентте 60 миң адам катышкан митинг өткөн. Демонстрациялар Наманган, Ханабад, Кокон шаарларында өткөн.

Бирок январь айында эле Түркстан крайынын Советтеринин IV съезди: «Кокон автономиялуу өкмөтү жана анын мүчөлөрүнүн аракеттери мыйзамсыз деп табылсын, жетекчилери камакка алынсын» деген чечим чыгарган. Совет өкмөтү бул аймактын жергиликтүү элдеринин эркинин натыйжаларын жоюу багытын алды.

Февраль айында согуштук операциянын натыйжасында эски Кокон шаары басып алынып, талкаланып, Түркстан автономиясы жоюлган.

Бул окуяда армяндык «Дашнакцутюн» партиясынын куралдуу бирикмелери чечүүчү ролду ойноду. Ошол кандуу окуялар тууралуу «Улуг Туркистон» гезити: «Дашнактар ​​эски шаардын көчөлөрүн бойлоп, жай турумушта жашап, качууга үлгүрбөй калаган сарттарды атып өлтүрүп, жол ката баарын өрттөшүп жүрүп отурушту…» деп билдирген.

Кокондун ошол күндөгү сүрөттөлүшү коркунучтуу эле. Эски шаардын 1/3 бөлүгү талкаланган. Бардык жерде үйүлгөн өлүктөр. Алардын айрымдары күйүп кеткен».

Кокон окуяларынын күбөсү болгон капитан Безобразов Сибирдеги Ак кыймылдын Башкы штабына кийинчерээк «Советтик аскерлердин чабуулу массалык каракчылык жана мусулмандарды өлтүрүү менен коштолду, айрыкча дашнактар ​​өзгөчө ынтызарлык көрсөтүштү», — деп билдирген.

1928-жылы Ташкентте басылып чыккан «Орто Азиядагы Кызыл Армия» деген очерктин автору: « баш ийүүчүлүктөн чыгып, биринчилерден болуп «трофейлерди» тартып алууга киришкендер Дашнак-Цутюицевдин отряддары болду» деп мойнуна алган.

Советтик партиялык органдар тарабынан 1931-жылы Ташкентте басылып чыккан «Кокон автономиясы» деген брошюрада «Эски шаарга кирип, дашнактар жалпы карапайым калкты талап-тоноо менен алектенишкен» деп белгиленет. «Перфилиев дашнактардан түзүлгөн отряды менен Коконду курчоого алганда, көтөрүлүштү басуунун кызуу мезгилинде Кокондо 9 күн бою ар кандай каракчылыктар орун алган. Абдан эсепкөй дашнактар ​​дароо эле “акча” жасоону чечишкен жана шаар өтө кылдат “тазалоодон” өткөн…

Кокондо дашнактар ​​келгенден кийин армяндардын бардык нан азыктарын жасоочулары, шарап сатуучулары, чачтарачтары, касапчылары жана башка соода-сатык тармагынын өкүлдөрү да жалындуу «революционерлер» болуп чыгышып, отрядга кошулуп, шаарды талкалай башташкан.

Бардык дүкөндөр талкаланып, керектүү болгон буюмдардын баары кампаларга алынып, калгандары өрттөлгөн.

1925-жылы Ташкентте басылып чыккан «Революция жана Түркстандын жергиликтүү калкы» деген жыйнагында Түркстан коммунисттеринин лидери Турар Рыскулов күбөлөрдүн айткандарына таянып: “массалык киши өлтүрүүлөр болду», — деп цитата келтирген.

Мына эми, жүз жылдан бир аз ашык убакыт өткөн соң, армян аскер бөлүктөрү Борбор Азияга «тартипти калыбына келтирүү» үчүн «кайтышты».