Перейти к содержанию

Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан француздук ММК нын көңүлүнүн борборунда

Үстүбүздөгү жылдын 01-15-февралы аралыгында француз маалымат каражаттарында Борбор Азия өлкөлөрү боюнча 25, Азербайжан боюнча 45 материалды жарыяланды. Борбордук Азия боюнча материалдар негизинен нейтралдуу-маалыматтык мүнөздө болсо, Азербайжан үчүн – 5% терс мүнөздөгү материалдар болгон. 

Белгилей кете турган нерсе, терс мүнөздөгү 13 материалдын 7син Le Figaro гезитинин журналисттери тарабынан Твиттерде жарыяланды. 

Борбордук Азиядагы макалалардын сандык таралышы төмөнкүдөй болуп турат:

  • Түркмөнстан — 11;
  • Казакстан — 7;
  • Тажикстан — 3;
  • Өзбекстан – 3
  • Кыргызстан– 1.

Борбордук Азия – маанилүү стратегиялык аймак болуп саналат. Дүйнөлүк идеялардын жүрүшүнө активдүү таасир көрсөтүүгө аракеттенген Франция, эң оболу жергиликтүү ишканалар менен кызматташтыкты колдоп, негизги аймактардын биринде болууга умтулуп жаткандыгы табигый көрүнүш. Аймактын эң ири экономикалык жана адамдык потенциалы топтолгон Борбордук Азияны өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү Казакстан болуп саналат. 

Белгилей кете турган нерсе, Франция –10 жылдан ашык мурда Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүккө кирген Европадагы биринчи мамлекет.Бүгүнкү күндө ал эгемендүүлүк жылдарындагы Казакстандын экономикасына инвестициянын көлөмү боюнча үчүнчү өлкө. Ошол эле учурда Франция Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири.  

Башка өлкөлөрдө – Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда – иштер башкача жүрүп жатат. Биринчи кезекте, булар бир топ кичинекей өлкөлөр болгондуктан, алардын рыноктору бир топ тар, ал эми финансылык мүмкүнчүлүктөрү- чектелүү. 

Ал эми Азербайжанга келсек, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы согуш Париж менен Бакунун эки тараптуу мамилесин бузганы белгилүү чындык. Бирок, чыңалган учурларга карабастан, эки өлкөнүн мамилелери өнүгүп келе жатат. Аймактык жана эл аралык маанидеги маселелер боюнча ачык саясий диалог менен катар билим берүү жана маданият, экономика, билим берүү жана туризм тармагында кызматташуу өнүгүп жатат. Бирок терс белгилер дагы эле француз медиа- мазмунунда сезилет. 

Февраль айынын алгачкы 15 күнүндө төмөнкү темалар эң көп камтылган:

Борбордук Азия:

  • Казакстандагы январь окуялары;
  • Түркмөнстандагы президенттик шайлоо;

Азербайжан:

  • Азербайжандын ЕБ менен газ менен камсыздоо жаатында кызматташуусу;
  • Азербайжандар тарабынан армян мурастарын жок кылуусу;
  • Азербайжандын 8 аскер туткунун бошотуусу.

НЕГИЗГИ ЖЫЙЫНТЫКТАР

1) Россиянын Казакстан кризисиндеги жана жалпы региондогу ролуна токтолуу 

Француз ММК тары Казакстандагы январь окуяларын талдоону улантууда. Алардын баары бул окуялардан кийин бир гана сабак алса болот деген пикирде — Орусия дагы эле аймактын абсолюттук жана сөзсүз кожоюну. Казак башкаруучу элитасы үчүн абдан кымбат болгон көп кырдуу тышкы саясаттын бүтүндөй дискурсу (башкача айтканда, Россиянын моюнтуругунан эркин салмактуу тышкы саясат принциби) талкаланууда. 

Чынында эле, бир нече сааттын ичинде Россия казак элитасына жана Казакстандын бардык башка өнөктөштөрүнө Орусиясыз өлкө туңгуюкка батып кетиши мүмкүн экенин көрсөттү. Москва казак кризисине байланыштуу Борборбук Азиянын башка өлкөлөрүнө жиберген ачык сигналы Орусиясыз стабилдүүлүк болушу мүмкүн эместигин билдирет. 

Россиянын бул кайтып келиши СССР кулагандан бери Москва менен «жакынкы чет өлкөлөрдө» атаандашууга умтулуп келген башка өлкөлөргө да сокку болуп эсептелет. 

Орусиянын кийлигишүүсү казак президентинин эгемендүүлүккө болгон умтулуусун басаңдатууну көздөгөн. Репрессиялык операциялар аяктап, Токаевдин режими консолидациялангандан кийин ал Москвага көз каранды болуп калат. Батыштын таасири астында болгон бардык мурдагы республикаларда Орусия: Украинада чыңалуунун стратегиясы аркылуу, Кавказда ортомчу катары, Казакстанда талаштуу президенттик башкаруунун коргоочусу катары өз таасирин кайра күчтөндүрүүгө аракет кылууда. 

Boulevard Extérieur гезитинин журналисттеринин пикири боюнча:

«Орусия өз күчүн кеңейтүү логикасында империяны түзүүдөн тышкары, өзүнүн коопсуздугу жана стратегиялык позициясы үчүн бул маанилүү мейкиндиктерге чет элдик таасирди (америкалык эле эмес, түрк жана кытай) да азайтуу болуп саналат».

 

Бул жерде төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек: 

Бээжин үчүн Орусия Борбор Азиядагы стабилдүүлүккө кепилдик берүүчү держава. Ал эми бул өз кезегинде Кытайга өзүнүн экономикалык долбоорлорун, атап айтканда, бүткүл постсоветтик мейкиндикти кесип өткөн Жаңы Жибек жолун ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кытай үчүн элдик көтөрүлүштөн өткөн жаман эч нерсе жок, эгерде ал өз убагында көзөмөлсүз калса, анын өз аймагында, өзгөчө Борбордук Азияга чектеш аймактарда, мисалы, Борбордук Азия элдеринин бир тууган азчылыктары жашаган Синьцзян провинциясында кесепеттери болушу мүмкүн. 

Кытайдан айырмаланып, Түркияны Казакстандагы кризис кабатырлантууда. Анкара Орто Азия өлкөлөрү менен түрк калкы менен бул өлкөлөрдүн калкынын ортосунда отуз жылдан бери жашап келе жаткан этникалык жана тилдик тууганчылыктын негизинде байланыш түзүүгө умтулууда. 

2) Түркмөнстандагы мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо. Бийликтин атадан балага өтүшү 

Белгилүү болгондой, Түркмөнстанды 15 жылдан бери башкарып келген 64 жаштагы лидер Гурбангулы Бердымухамедов өлкөгө «жаш лидерлер керек» деп айтып, бул кызматты уулуна өткөрүп берүү ниетин кыйытты. 

«Президент бизге 12-мартка чейин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону даярдоону тапшырды»,

 

деди мурдагы советтик Борбор Азиядагы бул жабык өлкөнүн шайлоо комиссиясынын өкүлү Безерген Гарраев.

Президенттин жалгыз уулу, 40 жаштагы Сердар буга чейин эле экономика боюнча вице-премьер-министр ээлейт жана атасынын ордуна Ахалтеке жылкыларынын улуттук ассоциациясынын жетекчисинин өтө символикалык кызматын ээлеген. 

3) Азербайжандын Европаны газ менен камсыз кылууну көбөйтүү мүмкүнчүлүгү 

Украинанын айланасындагы чыңалуудан улам Евробиримдик өз өлкөлөрүнүн газ менен камсыз болуусу боюнча кооптонууда. 27 өлкө керектеген газдын үчтөн биринен көбүн Орусия камсыздайт, ал эми Украина бул ташуулар үчүн транзиттик өлкө болуп саналат. Буга байланыштуу дипломатиялык сүйлөшүүлөргө параллелдүү Брюссель, атүгүл Вашингтон Европа үчүн альтернативдүү булактарды издөөдө.

04.02.22 Азербайжандын президенти Илхам Алиев Бакуда өткөн Түштүк газ коридору Консультативдик кеңешинин алкагындагы VIII министрлер жыйынына катышкан Европа Биримдигинин энергетика боюнча комиссары Кадри Симсон баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда Европа Биримдиги менен Азербайжандын ортосундагы энергетика тармагында, анын ичинде «жашыл энергетика» тармагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

4) Армян тараптын өкүлчүлүгүн 44 күндүк согуштун курмандыгы катары көрсөтүү

Материалдарда Азербайжанга карата ачык-айкын терс мамилени байкаса болот. Бирок мунун маанилүү себеби бар. Франциядагы армяндар, болжолдуу эсептөөлөр боюнча — 500 миңге чейин адам. Алардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна тийгизген таасиринин деңгээли жөнүндө сөз кылуунун кажети жок – армяндар коркутуулар жана ультиматумдар менен өткөн жылдагы окуяларды согуш, объективдүү чагылдырууга «батынган» француздук TF1 ди сюжетти телеканалдын сайтынан алып салууга кантип мажбурлаганын эстеп коюу жетиштүү.  2022-жылы Францияда президенттикке талапкер Кристиан Тобира 2022-жылдын 7-февралында Франциядагы армян коомчулугу тарабынан түзүлгөн армян сайтына интервью берген.  Интервью учурунда ал мындай деди: 

 «Франция дипломатиясы кырк төрт күндүк согушта Азербайжан тарапты бир да жолу айыптаган эмес. Ал согуштук аракеттердин башталышы үчүн жоопкерчиликти анын бейтараптыгын актоо үчүн гана бүдөмүк бойдон сактап келген, ал эми Азербайжандын күнөөсү бар экенине эч ким шектенген эмес. Ал, албетте, азербайжан армиясын колдоо үчүн Түркиянын демилгеси менен жихадчылардын жөнөтүлүшүн айыптады, бирок мындан эч кандай жыйынтык чыгарган жок». 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *